АКШ кайрадан Венесуэладан мунай сатып ала баштады

АКШ Венесуэланын мунай жана газ компанияларына каршы санкция киргизгенине карабастан 17-майда аяктаган бир аптанын жыйынтыгы боюнча Венесуэладан күнүнө  49 миң баррель мунай импорттогон.

Бул тууралуу Fars агенттиги Sputnik  агенттигине шилтеме берип жазды. АКШнын Энергетикалык маалымат башкармалыгынын маалыматы боюнча, Америка акыркы бир нече жуманын ичинде  биринчи жолу Венесуэладан кайрадан мунай сатып алган. Буга чейин Энергетикалык маалымат башкармалыгы 10-майга чейин Американын Венесуэладан жасаган мунай импорту нөлгө барабар экенин кабарлаган.

2018-жылдын ушул эле мезгилинде Америка Венесуэладан күнүнө 352 миң баррель мунай жана 2017-жылы күнүнө 585 миң баррель мунай сатып алган. Америка Венесуэлага каршы көптөгөн санкцияларды салды. Анын ичинде 28-январда Венесуэланын мамлекеттик PDVSA ири мунай компаниясына санкция киргизип, анын 7 млрд. долларлык активин тоңдуруп койгон. Андан соң Ак Үй бул компаниянын мунайдан түшкөн кирешеси 11 миллиард долларга азаярын алдын ала айткан.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү