БУУ: Ооганстанда карапайым калк арасында курмандыктар көбөйүүдө

Бириккен Улуттар уюму Ооганстанда чет өлкөлүк күчтөрдүн абадан жасаган чабуулдарынын күчөшүнөн улам карапайым калктын арасында курмандыктар көбөйүп жаткандыгын билдирди.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. БУУнун Ооганстанга жардамдашуу миссиясынын баяндамасына караганда, Ооганстандагы чет өлкөлүк күчтөрдүн Гильменд жана Кунар провинцияларына абадан жасаган акыркы чабуулунда 14 жай тургун, анын ичинде 5 аял жана  7 бала набыт болгон.

БУУнун Ооганстанга жардамдашуу миссиясы бул өлкөдөгү кагылышкан тараптарды жай тургундарды коргоо боюнча эл аралык укукту сыйлоого чакырды. БУУнун маалыматы боюнча, Ооганстанда карапайым калктын арасында курмандыктар 2018-жылы көбөйүп кеткен. Ага өлкөдөгү чет өлкөлүк күчтөрдүн абадан жасаган чабуулдарынын күчөшү себепчи болгон. 2018-жылы  10 миңден ашуун жай тургун каза тапкан.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү