Вашингтон пост:Американын “Кылымдык келишими”жеңилүүгө учурады

Американын ЖМКасы Дональд Трамптын палестиналыктар менен сионисттик режимдин тынчтыгы боюнча түзгөн “Кылымдык келишим” долбоору жеңилүүгө учураганын жарыялады.

Бул тууралуу TASNIM агенттиги Vashington Post гезитине шилтеме берип маалымдады. Америкалык бир жазуучунун бул гезитке берген макаласында Трамп-Кушнердин “тынчтык” долбоору тыянаксыз экени белгиленген. Жазуучунун пикири боюнча, Ак Үй тараптан тынчтыктын ортомчусу болгон Трамптын күйөө баласы Жерард Кушнер эгер чындап палестиналыктардын жашоосу жакшыруусун кааласа, саясий жолдор менен бул маселени чечсе болмок.

Бирок палестиналыктардын маселеси Трамптын жана анын өкмөтүнүн бул өлкөгө карата адилетсиздик саясат жүргүзүүсүндө камтылат. Мисалга Кудстун сионисттик режиминин басып алуусуна көз жумуусу, палестиналыктарга жардамдардын жеткирилүүсүнө тоскоолдук жаратуу үчүн дипломатиялык кеңселерди жабуусу кирет. Жазуучу либералдык уюмдун жетекчиси Жереми бен Аминин айтууларына таянып, Кушнердин Палестина талаш-тартышына экономикалык чечүү жолун табууга болгон аракети ишке ашпай калган.

Комментарий жиберүү