Индиядагы парламенттик шайлоодо Модинин партиясы утуп чыкты

Индиянын “Бхаратия Жаната” партиясы парламентте 542 мандаттын 343 мандатына ээ болду.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, бейшемби күнү Индиянын өкмөт башчысынын партиясы “Бхаратия Жаната” парламенттик шайлоодо чоң жеңишке жетишкени белгилүү болду. “Бхаратия Жаната” партиясы парламенттеги орундардын жарымынан көбүн алууга жетишишти.
Нарендра Модинин партиясы экономикалык ырааттуу саясатты жүргүзүүгө, индиялыктарга жана өлкөдөгү Улуттук коопсуздук маселелерине артыкчылык берүү убадалары менен парламенттик шайлоодо чоң жеңишке жетишишти.
Буга чейин “Бхаратия Жаната” партиясы парламентте 282 орунга ээ болуп келген.
Эскерте кетсек,  1 миллиард 340 миллионго жакын калкы бар бул өлкөдө добуш берүү дээрлик алты жумага созулду.
11-апрелде башталган Индиядагы парламенттик шайлоо жети баскычка бөлүнгөн. Акыркы баскычтагы добуш берүү 19-майда аяктаган.

Комментарий жиберүү