Иракта сөөктөр тобу менен көмүлгөн көрүстөндөр табылды

Буларды БУУнун тобу ортого салды.

Иракта террордук уюм ДЕАШтын кылган кылмыштарын иликтеген БУУнун эксперттик командасы сөөктөр тобу менен көмүлгөн 12 көрүстөндү ортого салды.

Түркия, Швеция, Германия жана Сауд Арабиянын эксперт жана чалгындоо адистери колдоо көрсөткөн, Иракта 2018-жылдын октябрь айынан бери иликтөөлөрүн жүргүзгөн БУУнун тобу БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуштаган отчетто ДЕАШтын кылган кылмыштары «2014-жылдагы эзидилерге каршы кол салуулары», «2016-жылдагы Мосулда кылган кылмаштары» жана «2014-жылдагы Тикритте жок кылынган ирактык аскерлер» деп үч темада каралды.

Иракта сөөктөр тобу менен көмүлгөн 12 көрүстөндү ортого чыгарган жана көрүстөндөрдөн физикалык жана биологиялык соттук далилдер алынгандыгы белгилеген отчетто, ДЕАШ курмандыктары жана жакындары менен да сүйлөшүлүп далилдер чогултулганы билдирилди.

БУУнун тобу отчетто ДЕАШтын согуштук кылмыш, адамдарга каршы кылмыш жана кыргын салуучу кылмыштардан айыпталуусу үчүн чогултулган далилдер өлкөлөр жана соттор менен бөлүшүлүүгө даяр экендигин маалымдашты.

Комментарий жиберүү