Йемен согушунан курман болгондор менен жаракат алгандардын саны 50 миңден ашты

Йемендин Саламаттык сактоо министрлиги 2015-жылы башталган Арабстан коалициясынын Йеменге жасаган согушунан бери курман болгон жана жаракат алгандардын саны 50 миңден ашканын жарыялады.

Бул тууралуу Mehr агенттиги Спутникке шилтеме берип маалымдады. Йемендин Саламаттык сактоо министрлигинин төрагасы Юсуф аль-Хадери мындай деп билдирди: Арабстан жетектеген коалициянын Йемен жергесин бомбалоосунан курман болуп, жаракат алгандардын саны 52 миңге жетти. Алардын ичинен 13 миң 250сү шейит кетишсе, арасынан 3800ү жаш балдар экени аныкталган.
Белгилей кетсек, согуштун кесепетинен Йемендин бир топ инфраструктуралары талкаланып, ооруканалары, мектептери бузулган. Учурда 22 млн. йемендиктер гуманитардык жардамдарга муктаж, мындайча айтканда элдин 75%ын түзөт.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү