Кытайдын учурган спутниги ийгиликсиз болду

Кытай 2045 –  жылы «космостун лидери» болууну максат кылууда.

Кытайдын «Яоган  -33» аттуу алыстан изилдөө спутнигин учуруу аракети ийгиликсиз болду.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда «Яоган – 33» өлкөнүн Шанши аймагындагы Таиюень спутник учуруу борборунан Long March – 4  С ракетасы менен космоско жиберилди.

Учурулгандан кийин ракетанын биринчи жана экинчи баскычтары кадимкидей иштеген болсо үчүнчү баскычта терстиктердин чыккандыгы такталды. Ийгиликсиз болгон учуруудан кийин ракетанын жана спутниктин калдыктары жерге түштү.

Калдыктардын кайда түшкөндүгүнө байланыштуу маалымат берилбестен окуя тууралуу териштирүү баштатылды.

Кытай алыстан иликтөө спуниктери глобалдык жайгаштыруу жана байкоочу спутниктери орбитада туруктуу космостук станция куруу, ай тууралуу эмгектер, марс жана юпитерди ачуу сыяктуу долбоорлор менен 2045 –  жылы «космостун лидери» болууну максат кылууда.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү