Ош: Министрликтин буйругуна ылайык мектеп директору мыйзамсыз иштен алындыбы?

Мектеп окуучулары жол тандабас автоуулары менен эс алууга чыкканы үчүн Ош шаарындагы Курманжан датка орто мектебинин директору иштен алынганы кабарланды.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан бул маалыматты тастыктап, директор өз арызынын негизинде кеткенин, аны эч ким жумуштан алуу максатында мажбурлабаганын билдиришти. Маалыматтарга караганда, аталган мектептин окуучулары Сулайман-Тоого жол тандабас автоунаалар менен ойногону чыккан учурда, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармашкан. Ушундан улам милиция шаардык билим берүү бөлүмүнө кайрылышкандан кийин директору иштен кеткен. Бул жерде Билим берүү министрлигинин мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өз ара акча чогултууга, бүтүрүү кечесин кафе-ресторандарда уюштурууга тыюу салынган буйругу иштедиби? Же бир директор “курмандыкка” чалынып калдыбы?

Ушул жылдын 11-майында Ош шаарынын Жапалак кичи районундагы Курманжан датка орто мектебинин 11-классынын окуучулары Сулайман-Тоого жол тандабастар автоунаалар менен барышкан. Аларды Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, машиналары убактылуу автоунаа токтотуучу жайына киргизишкен. Ал эми бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өткөрүп беришкен. Милиция кызматкерлери Курманжан датка орто мектебинин директору Каныкей Эргешованы жоопко тартуу боюнча Ош шаардык билим берүү бөлүмүнө кайрылышкан. Анын негизинде директордун жоопкерчилиги каралып, ал жумуштан алынган. Бирок Билим берүү башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси Венера Давыдова директор кызматтан өз арызы менен 16-майда кеткенин билдирди.

Иштен алынды делген мурдагы директор Каныкей Эргешова окуучулар ойноп чыкканга чейин алардын ата-энелери, участкалык милиция кызматкерлери катышкан жыйын өткөргөнүн айтат. Ошондо баарына маалымат берилген дейт ал. Ал эми балдар жол тандабастар менен 11-майда, дем алыш күндөрү, министрликтин буйругу келгенге чейин эле ойноп келишкенин билдирди.

Негизи окуу жылы аяктап, 25-май – “Акыркы коңгуроо” күнүнө карата көптөгөн тыюулар болот. Албетте бул – коопсуздук үчүн. Сөз болуп жаткан Оштун Жапалак аймагындагы дагы бир Атабаев деген мектептин директору Жоомарт Акматовдон “Акыркы коңгуроого” карата даярдык кандай болуп жатканын угуп көрдүк. Анын айткандары – жалпы эле директорлордун көйгөйү.

Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы күчүнө кирген буйругуна ылайык, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өз ара акча чогултууга, бүтүрүү кечесин кафе-ресторандарда уюштурууга тыюу салынганы жарыяланган эле. Эгер мындай көрүнүштөр орун алса, чара ирээтинде мектеп директору жумуштан алына турган болгон. Серепчи Айдын Токтосунов Жапалактагы мектептин директору иштен алынганы министрлик үчүн жөн гана атайлап жасалган көрсөткүч гана болуп калышы ыктымал дейт.

Милициядан кабарлагандай, быйыл 25-майды Кыргызстанда 4 миңден ашуун милиционер коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына «Акыркы коңгуроо» майрамына карата акча чогултуп, белек алууга, жол тандабас автоунааларга түшүп, кафе-ресторандарда сайрандоого Билим берүү министрлиги быйыл дагы тыюу салды. Жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнө бул күндөрү күзөткө туруп, талапты аткарбаган бүтүрүүчүлөр менен алардын ата-энелерине, мугалимдерине, мектеп жетекчилерине чара көрүү тапшырылган. Буйрукту аткарбаган жетекчилерди кызматтан алуу сунушталган. «Акыркы коңгуроо» майрамы 25-май күнү өлкөнүн 2262 мектебинде өтөт. Быйыл, 2019-жылы, 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң бүтүрүүчү аяктайт.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү