Газада алты айдын ичинде 54 палестиналык көз жумган

Газада алты айдын ичинде 54 палестиналык көз жумган

Израилдин аскерлери 2019-жылдын алгачкы алты айында Газа секторундагы 54 палестиналыкты өлтүрүп, 3723 кишини жарадар кылганын Газада жайгашкан адам укуктары боюнча “Аль-Мизан” борборунан маалымдашты. Бул туурасында Fars News агенттиги кабарлады. Аталган борбордун маалыматы боюнча, каза тапкандардын арасында 12 бала жана 4 аял бар, ал эми жаракат алгандардын ичинде 1226 бала жана 179 аял бар. Сионисттер палестиналыктарга каршы согуштук куралдарды колдонуусу жай тургундардын арасында курмандыктардын санынын көбөйүүсүнө алып келди. Айрыкча “Кайра кайтаруу маршы” акциясынын катышуучулары сионисттердин аткылоолорунан көз жумууда….

Прочитайте больше

Каабадагы террордук жардыруулар чынбы?

Каабадагы террордук жардыруулар чынбы?

Айрым ЖМКалар Каабада жанкечтик жардыруу болгонун жарыялашкан. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, айрым ЖМКалар Каабада бир жанкеч террорчу өзүн өзү жардырып жиберген видеосун таратышкан. Бул видео канчалык чындыкка жакын жана Кааба ажылар үчүн кооптуу жайга айландыбы деген суроолор туулат. Кызыгы бул жардыруудан жанкеч террорчудан башка эч ким жабыркаган эмес. Кийинчерээк бул видео өнөкөт оорусунан жапа чеккен бир адамдын кан кусуп жан берген учуру тартылганы аныкталган. Бул видео ЖМКаларда 2017-жылы тараган.    

Прочитайте больше

Борис Жонсон тууралуу таң калычтуу маалыматтар тарады.

Борис Жонсон тууралуу таң калычтуу маалыматтар тарады.

Пресса маалыматтарында Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Борис Жонсондун теги тууралуу кызыктуу маалыматтар тарады. Fa alalamtv/net агенттигинин маалыматына ылайык, Улуу Британиянын премьер-министрлигине жаңы дайындалган Борис Жонсондун теги түрк мусулмандарынан экени айтылууда. Түркиянын “Хурриет” гезити  Борис Жонсондун чоң атасынын атасы Али Кемал экендиги жана ал 1919-жылы 3 ай мөөнөттө Дамат Мухаммад Фари-пашанын бийлик астында Түркиянын ТИМ жетекчиси болуп дайындалганын жарыялады. “Кемал 1867-жылы туулган. Ал, кабарчы, акын жана Осман империясынын өкмөт башчылыгында саясий активист болгон. Ал 1901-жылы Түркияны…

Прочитайте больше

Юкио Аманону аял өлтүрттүбү?!

Юкио Аманону аял өлтүрттүбү?!

Амано Нетаньяхунун финансылык сунуштарын четке каккан соң, Торгозабад долбоору анын акыркы сыноосу болду. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Юкио Аманонун өлүмү күтүүсүздөн болду. Белгилей кетсек, 2017-жылы августта АКШнын өкүлү Никки Хейли (МАГАТЭнин штабдык батири жайгашкан) Венага сапар тартып, Юкио Амано менен жолугушуу өткөргөн. Бул жолугушууда МАГАТЭнин башкы мүдүрү Юкио Амано менен Ирандын Өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. Үч саатка созулган бул жолугушууда Никки Хейли Юкио Аманодон Ирандын Өзөктүк келишимден сырткары иш алпарып жаткандыгы жана өлкөдөгү…

Прочитайте больше

Сауд Аравиянын Йемендеги жаңы кылмыштары

Сауд Аравиянын Йемендеги жаңы кылмыштары

Йемендин саламаттык сактоо министрлиги сауд коалициясынын Йемендин Саада провинциясындагы жаңы кылмыштарын катуу айыптап, бул кылмыштарга үн катпай турган эл аралык коомчулукту жана БУУну чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу “Fars News“ агенттиги кабарлады. Сауд Аравия акыркы 48 саатта Йемендин Саада провинциясындагы турак аймактарга ракеталык чабуул жасады. Саудиялыктардын Саадага багытталган артиллериялык жана ракеталык аткылоолору өткөн ишембиде башталган жана азыр дагы уланууда. Сауд коалициясынын кечээ, 29-июлда кечинде Саадага жасаган чабуулунда йемендик 13 жаран каза таап, 26сы жаракат алды. Йемендин расмий…

Прочитайте больше

Тажикстанда алгачкы Ислам банкы ачылат

Тажикстанда алгачкы Ислам банкы ачылат

Тажикстандын улуттук банкы “Тавхид банкынын” өлкөдө иш алпаруу боюнча сунуштаган суроо-талабын караштырууда. Бул тууралуу Fars News агенттигинин Дүйшөмбүдөгү кеңсеси кабарлады. Белгилей кетсек, Тавхид банк аталган исламдык банк өлкөнүн 12-мыйзамынын 1-беренесине ылайык, өлкө ичинде шарыятка ылайык иш жүргүзүү сунушу караштырылып жаткан учуру. Ислам банкынын сунуштары жана иш кагаздары 3 ай аралыгында карлып, уруксат берүү же уруксат берилбөөсү кабарланмакчы. Берилген маалыматтарга караштуу, учурда Ислам финансылык уюмдарынын иш алпаруу укуктук иш кагаздары бул өлкөдө толук  кабыл алынып, бекитилген.

Прочитайте больше

Президент Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жогорку технологиялар ылдам өскөн шарттарда улуттук маданиятты сактап калуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Улуттук маданият коомду андан ары консолидациялоо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн…

Прочитайте больше

Кыргызстандык дзюдо чеберлери Азия чемпионатында 6 медаль багындырышты

Кыргызстандык дзюдо чеберлери Азия чемпионатында 6 медаль багындырышты

Кыргызстандын кадеттер жана жаштар арасындагы курама командасы дзюдо боюнча Азия жана океания чемпионатында 6 медалды багындырышты. Бул тууралуу ippon.org. сайты билдиргенин Кабар агенттиги жазды. Тайбэй шаарында 27-28-июль күндөрү өткөн мелдеште кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль утушкан. Байгелүү орунду 55 кг чейинки салмак ченинде Ханболот Ырысбеков жана 60 кг чейинки салмак ченинде Чыңгызхан Сагыналиев жеңишкен. Күмүш байгени Анарбек Ишенбаев (90 кг чейинки), Ажар Исаева (63 кг чейинки), Шахида Нурмухамедова (70 кг жогорку) алды….

Прочитайте больше

ИИРдин Руханий лидери: Сауд өкмөтү аскерлерин Меккеге тизбестен, ажылардын коопсуздугун камсыздашсын

ИИРдин Руханий лидери: Сауд өкмөтү аскерлерин Меккеге тизбестен, ажылардын коопсуздугун камсыздашсын

Азирети Саид Али Хаменеи Хаж комитети менен мекемелеринин кызматчыларын кабыл алды. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Азирети Саид Али Хаменеи 3-июлда  Хаж комитети жана мекемелеринин кызматчылары менен жолугушту. Белгилей кетсек, Ирандын Руханий лидери бул жолугууну хаж зыяраты мөөнөтү башталаардын алдында өткөргөн. “Хаж амалдарда мусулман адам руханий жана моралдык жактан жогорулап, ыйманы күчөйт”,-деди Аятолла Хаменеи. Руханий лидер ошондой эле ирандык ажыга баруучуларды ажыда  жогору адеп-ахлагы менен Иранды сыймыктантууларына чакырды. “Ынтымакта болуу, кордолгондорду коргоо; палестиналыктарды, йемендиктерди колдоо дин жана…

Прочитайте больше

Лондондо Палестинаны колдоп жүздөгөн велосипедчендер чыгышты

Лондондо Палестинаны колдоп жүздөгөн велосипедчендер чыгышты

Лондондук велосипедчендер сионисттик режимдин палестиналыктарга карата жынаяттарын айыптап, 60 километрлик жүрүшкө чыгышты. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Лондондо жүздөгөн велосипедчендер Палестинанын байрактарын желбиретишип, палестиналыктарды коргоп жүрүшкө чыгышты. Stop War сайты бул жүрүш 2015-жылдан бери ар жылы өтүп, палестиналыктарга жардам чогултулаарын жарыялаган. Берилген маалыматтарга караштуу, төрт жыл катары менен өткөн жүрүштө 161 миңден ашык доллар чогултулуп, палестиналыктарга өткөрүлүп берилген. Белгилей кетсек, аталган жүрүшкө катышкандар жылдан жылга көбөйүүдө.

Прочитайте больше

Дүйнө мусулмандары хаж сапарына бойкот кылууну талап кылышты

Дүйнө мусулмандары хаж сапарына бойкот кылууну талап кылышты

Мусулмандар Арабстандын бейкүнөө йемендиктерди кыруусуна байланыштуу Хаж сапарын убактылуу токтотууну талап кылууда. Бул тууралуу IQNA агенттиги CBC маалыматына шилтеме берип кабарлады. Белгилей кетсек, быйыл 2 миллионго чукул мусулман Хаж амалдарын аткарууга Арабстанга сапар  тартышмакчы. Бирок Арабстандын Йемендеги согушуна байланыштуу хаж сапарына бойкот кылган мусулмандардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Сидней штатынын тургуну Фараз Рахман аттуу кинорежисер учурдагы шарттарга байланыштуу Хажга бааруу моралдык жактан туура эмес деген пикирин билдирген. “Хаж сапарына каражат коротуу бейкүнөө йемендиктерди кырып жаткан Сауд режимине…

Прочитайте больше

Президенттер кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо ишин тездетүүнү макулдашты

Президенттер кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо ишин тездетүүнү макулдашты

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүсү 27-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков Рахмондун Кыргызстанга келиши өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошумча түрткү болуп жатканын билдирди. «Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти «жөнөкөйдөн татаалга карай», өз ара урматтоо принциптерин карманып, бири-бирибиздин кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүүнү макулдаштык», – деди Жээнбеков. Мамлекет башчынын белгилешинче, регионалдык жана эл аралык…

Прочитайте больше

Израилдин элчиликтерди Кудска көчүрүү жаңы долбоору

Израилдин элчиликтерди Кудска көчүрүү жаңы долбоору

Сионисттик режим өлкөлөргө финансылык жардам берүү аркылуу өз элчиликтерин Кудска көчүрүүгө чакырык жасоодо. IQNA агенттигинин маалыматына ылайык, Israel Hume гезити Изарилдин ТИМ жетекчиси 50 млн. шекель (Израилдин акча бирдиги) өз элчиликтерин Кудска көчүрүүгө даяр өлкөлөргө грант катары төлөп бергенин жарыялады. Аталган гезиттин жарыялаган макаласында Израиль ТИМ жетекчиси Исраэль Кац мындай долбоорду элчиликтерди Кудска (Иерусалим) көчүрүү максатында Кнессетке сунуштаганы белгиленген. Ошондой эле элчиликтерди Кудска көчүрүү долбоорунда улуттук, саясий жана стратегиялык максаттар камтылаары айтылган. Эске салсак, эң алгачкылардан…

Прочитайте больше

Сауд Аравия жана ОАЭ балдардын укугун бузгандардын “кара тизмегинде” калтырылат

Сауд Аравия жана ОАЭ балдардын укугун бузгандардын “кара тизмегинде” калтырылат

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттереш кечээ, 26-июлда согуш болуп жаткан аймактардагы балдардын укуктарынын бузулушу боюнча  баяндамасын БУУнун Коопсуздук Кеңешине жөнөттү. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. “Al-Jazeera” телеканалы маалымдагандай, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттереш ошондой эле өз баяндамасында Сауд Аравияны балдардын укугун бузгандардын “кара тизмегинде” калтырды. Гуттерештин БУУнун Коопсуздук Кеңешине жөнөткөн баяндамасында белгиленгендей, Йеменде 2018-жыл ичинде кеминде 1689 бала өлгөн же жарадар болгон. Сауд Аравия жана ОАЭ коалициясы азыркы учурга чейин Йеменде кеминде 729 баланы өлтүргөн, ошондой…

Прочитайте больше

Американын санкцияларына Иран кандай туруштук берүүдө?

Американын санкцияларына Иран кандай туруштук берүүдө?

АКШ менен Британиянын учкучсуз учагы менен мунай ташуучу кемесинин окуясы Ирандын тышкы саясатындагы агымын өзгөртпөстөн, тескерисинче Тегеранга бир канча ийгиликтерди алып келип, Ирандын экономика чөйрөсүндөгү маселесин айкындады. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Али Жамшиди мындай жазды: өткөн жумадагы Иран аркылуу британиялык мунай ташуучу Stena Impero кемесинин токтотулуусу дүйнөлүк ЖМКаларда жетишээрлик чагылдырылып, маселенин чоо-жайы баарына ачыкталды. Андыктан окуяга кыскача көз жүгүртсөк, бир канча негизги маселелерге токтолобуз: Белгилей кестек, Британиянын байрагын желбиреткен мунай ташуучу кеме Эмираттын “Фужейра”…

Прочитайте больше
1 2 3