Британиялык мунай ташыган кеме токтотулду

Британиялык мунай ташыган кеме токтотулду

ИИРдин Сакчылар корпусу британиялык Stena Impero мунай ташыган кемесин токтотушканын билдирди. Бул тууралуу Tasnim News агенттиги кабарлады.Ормуз кысыгында жүк ташуу жолунан тышкары сүзүү, абал табуу түзмөгү өчүк болуусу, ИИР тарабынан берилген эскертүүгө көңүл бурбагандыгы Британиянын мунай ташыган  Stena Impero кемесинин токтотулуусуна себеп болду. Белгилей кетсек, Ирандын Ормуз портунун уюму 19-июлда кырсык болуп кетишинин алдын алуу максатында дарыялык эрежелерди сактабаган британиялык мунай ташыган кемесин токтоткон.Берилген маалыматтарга караштуу, бул кеменин танкаларындагы мунай калдыктары  Перс булуңунун жаратылышына да кыйла зыян…

Прочитайте больше

МАГАТЭнин башкы директору каза болду

МАГАТЭнин башкы директору каза болду

МАГАТЭни 2009-жылдан бери жетектеп келген Юкия Амано 72 жашында дүйнө салды. Islam-today.ru агенттигинин маалыматына ылайык, дүйнөлүк ЖМКалар Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттигинин башкы директору дүйнө салганын жарыялады. МАГАТЭнин пресс-кызматы бул суук кабарды 22-июлда терең өкүнүү менен билдирди. Белгилей кетсек, аталган уюмду 2009-жылдан бери жетектеп келген маркум Юкия Амано өткөн аптада отставкага кетүү боюнча арыз жазып, 22-июлда расмий түрдө жарыялоону ниеттенген. Аманонун дүйнө салганына байланыштуу МАГАТЭнин Венадагы штаб-квартирасында агенттиктин байрагы түшүрүлдү.

Прочитайте больше

Түркмөн дипломаттары Гурбангулы Бердымухамедовдун өлгөнүн төгүндөшүүдө

Түркмөн дипломаттары Гурбангулы Бердымухамедовдун өлгөнүн төгүндөшүүдө

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өлгөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Түркмөнстандын Орусиядагы элчилигине шилтеме берүү менен маалымдады. «Бул карандай калп. Биз бул маалыматты четке кагабыз», деп билдирген элчиликтин өкүлү. 62 жаштагы түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедовдун өлгөнү тууралуу маалыматты алгач орусиялык басылмалар жазып чыгышты. “Азаттыктын” түркмөн кызматы да анын көз жумганы тууралуу кабар алды, бирок тастыктоого мүмкүн болгон жок. Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги да Бердымухамедовдун өлгөнүн төгүндөдү. Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов өлгөн…

Прочитайте больше

Жапон полициясы аниме-студияны өрттөгөн кишини камоого ордер алды

Жапон полициясы аниме-студияны өрттөгөн кишини камоого ордер алды

Жапон полициясы Киото шаарында аниме-студияны өрттөөгө шектелген кишини камоого ордер алды. Ал денеси катуу күйүп калгандыктан ооруканага жаткырылган. Шектүүнүн абалы турукташкандан кийин полиция аны камоого ниеттенүүдө. 18-июлда Kyoto Animation студиясынан чыккан өрттөн 34 киши өлүп, 30дан ашууну жарадар болгон. Шектүү имараттын ичине бензин чачып өрттөгөн. Бул тууралуу ал кармалгандан кийин айткан. Өрттөлгөн “Kyoto Animation” студиясы 1981-жылы ачылган. Сериалдарды жана көркөм фильмдерди чыгарат. Студиянын эмгектеринин арасында «Меланхолия Харухи Судзумии», «Кланнад», «K-On!» тасмалары бар. Компаниянын башкы кеңсеси…

Прочитайте больше

Башкы штаб«Сары-таш—2019»тактикалык машыгуунун экинчи этабын өткөрдү

Башкы штаб«Сары-таш—2019»тактикалык машыгуунун экинчи этабын өткөрдү

20-июлда Ош облусунун Алай районундагы «Сары-таш» машыгуу майданында «Сары-таш — 2019» атайын тактикалык машыгуунун жыйынтыктоочу  этабы өттү. Машыгуу Куралдуу Күчтөрдүн планы боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү. Машыгуунун жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков байкоо жүргүздү. Президент курал-жарактар, аскер шаймандары жана согуш техникалары менен таанышты. «Сары-Таш — 2019» тактикалык машыгууларынын алкагында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрү жана башка аскердик…

Прочитайте больше

Сионисттик серепчи арабстандыктардын Йемендеги жеңилүүсүн жарыялады

Сионисттик серепчи арабстандыктардын Йемендеги жеңилүүсүн жарыялады

Сионисттик серепчи Сауд Аравия Йемен согушундагы шериктештерин жоготконун билдирип, Тель-Авив мындан сабак алуусу керектигин белгиледи.  Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, израилдик Чыгыш таануучу жана Жакынкы Чыгыш боюнча серепчи Ярун Фридман «Едиот ахронот” гезитине макала жарыялады.“Тель-Авив  бүгүн Хизболлага жалгыз туруштук бере албайт; андыктан Эр-Рияддын Йемендеги тажыйрбасынан сабак алуулары керек”,-деп жазды серепчи.“Арабстан Йемендеги согушунда жеңилүүгө учурады, ал эми Иран жарым-жартылай болсо да жеңишке ээ болду. БАЭ Йеменден өз аскерлерин чыгарып кеткен соң, Арабстан хуситтер менен жалгыз согушуп калды….

Прочитайте больше