МАГАТЭнин башкы директору каза болду

МАГАТЭни 2009-жылдан бери жетектеп келген Юкия Амано 72 жашында дүйнө салды.

Islam-today.ru агенттигинин маалыматына ылайык, дүйнөлүк ЖМКалар Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттигинин башкы директору дүйнө салганын жарыялады.
МАГАТЭнин пресс-кызматы бул суук кабарды 22-июлда терең өкүнүү менен билдирди.
Белгилей кетсек, аталган уюмду 2009-жылдан бери жетектеп келген маркум Юкия Амано өткөн аптада отставкага кетүү боюнча арыз жазып, 22-июлда расмий түрдө жарыялоону ниеттенген.
Аманонун дүйнө салганына байланыштуу МАГАТЭнин Венадагы штаб-квартирасында агенттиктин байрагы түшүрүлдү.

Комментарий жиберүү