Сионисттик серепчи арабстандыктардын Йемендеги жеңилүүсүн жарыялады

Сионисттик серепчи Сауд Аравия Йемен согушундагы шериктештерин жоготконун билдирип, Тель-Авив мындан сабак алуусу керектигин белгиледи.

 Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, израилдик Чыгыш таануучу жана Жакынкы Чыгыш боюнча серепчи Ярун Фридман «Едиот ахронот” гезитине макала жарыялады.
“Тель-Авив  бүгүн Хизболлага жалгыз туруштук бере албайт; андыктан Эр-Рияддын Йемендеги тажыйрбасынан сабак алуулары керек”,-деп жазды серепчи.
“Арабстан Йемендеги согушунда жеңилүүгө учурады, ал эми Иран жарым-жартылай болсо да жеңишке ээ болду. БАЭ Йеменден өз аскерлерин чыгарып кеткен соң, Арабстан хуситтер менен жалгыз согушуп калды. Израиль мындан сабак алуусу керек…”,-деп жазылган макалада.

Фридман өз макаласын  мындай деп уланткан: хуситтерге каршы 2015-жылы башталган «Асефа аль-Хазм” (Йеменге каршы) согушу  алгач жеңишке ээ болгон, бирок убакыт өткөн соң  Арабстан коалициясы бузулуп, БАЭ, Кувейт, Катар, Бахрейн жана Судан өз аскерлерин согуштан чыгарган мезгилде жеңилүүгө учурады.

Израилдик серепчи  коалициянын бузулуусунун себебин шериктештер жеңилүү коркунучунан согуштан баш тартышкандарынан улам болгон деп жазган.
Катар аталган коалицияны 2017-жылы биринчилерден болуп таштап кеткен соң, БАЭ дагы кийинчерээк баш тарткан. Бир гана Бахрейн анча таасирсиз түрдө гана согушка катышууда.

Эмират үчүн бул согуш анын бийликтегилерине: аль-Мактум менен аль-Нахьянга коркунучтуу түшкө окшош, анткени БАЭнин экономикасы өлкөнүн коопсуздугуна жана бейпилдүүлүгүнө негизделген.

БАЭнин ар бир согушу, глобалдык соода жүргүзүүсүнө, чет өлкөлүк инвесторлорго жана туристтерге терс таасирин тийгизип, мунай соодасын үзгүлтүккө учуратмакчы.

Бүгүнкү күнү Изарилдин абалы Арабстанга окшош жана Арабстан хуситтер менен жалгыз согушкандай, Израиль дагы  Хизболла менен жападан жагыз согуш майданында турат”,- деп белгиледи Ярун Фридман.
Эске салсак, бул аптада Анссарулла (хуситтер) Арабстанга чабуулун алар Йемен согушунан баш тартмайынча уланта берээрин билдирген.

Комментарий жиберүү