Быйыл Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары өтөт

Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жумушчу план, оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоорун, спорттук жана маданий иш-чаралар жөнүндө жобо иштеп чыгуу тапшырылды.

Буга чейин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөрүү пландалууда.

Күтүлүп жаткандай, оюндардын маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү – Р. Алканов атындагы ипподромдо өтөт.

Учурда  Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө.

Комментарий жиберүү