Кыргызстандык дзюдо чеберлери Азия чемпионатында 6 медаль багындырышты

Бул тууралуу ippon.org. сайты билдиргенин Кабар агенттиги жазды.

Тайбэй шаарында 27-28-июль күндөрү өткөн мелдеште кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль утушкан.

Байгелүү орунду 55 кг чейинки салмак ченинде Ханболот Ырысбеков жана 60 кг чейинки салмак ченинде Чыңгызхан Сагыналиев жеңишкен.

Күмүш байгени Анарбек Ишенбаев (90 кг чейинки), Ажар Исаева (63 кг чейинки), Шахида Нурмухамедова (70 кг жогорку) алды.

Коло медалды 50 кг чейинки салмак ченинде Муса Шабданбеков утуп алды.

Комментарий жиберүү