Казакстан президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери күтүлүүдө

Казакстан президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери күтүлүүдө

Күзүндө Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Сапардын так датасы айтыла элек. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен өлкөдө дипломатиялык миссиясын аяктаган Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев мамлекеттик сапардын деталдарын талкуулашты. Күн мурун аны өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, бир жыл ичиндеги жемиштүү иштерине ыраазычылык билдирген. Жээнбеков Карим Кокрекбаевдин “стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык жана ынак коңшулаштык мамилелерди” бекемдөөгө кошкон салымын белгилеген. Карим Кокрекбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп 2018-жылы февралда…

Прочитайте больше

Кыргызстанга адамдарды жүзүнөн тааный турган камералар алып келинет

Кыргызстанга адамдарды жүзүнөн тааный турган камералар алып келинет

Кыргызстандын ИИМи менен Кытайдын CEIEC компаниясы өлкөгө адамдардын ким экенин жүзүнөн тааный турган атайын камераларды алып келүү боюнча келишим түздү. Бул компания кылмыштуулукту азайтуу максатында буга чейин Китай менен Эквадор мамлекеттерине ушундай камераларды орноткон. Бул тууралуу министрликтин маалыматына таянып, kloop.kg порталы жарыялады. «Бул система – кылмыштуулукту алдын алып, коомдук коопсуздукту сактоого жакшы жардам бермек. Жарандар укук коргоо органдарынан же кандайдыр бир кылмыштуулукка баруудан тартынып калмак. Мындай система кылмыштуулуктун бетин ачууда чоң роль ойнойт»,-деп айтылат ИИМдин…

Прочитайте больше

Израиль армиясынын Ливандын чегарасын дагы жаңы опузасы

Израиль армиясынын Ливандын чегарасын дагы жаңы опузасы

Бир ливандык кабарчы сионисттик режимдин армиясынын жаңы опузасынын бетин ачты. Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, аль-Манар телеканалынын кабарчысы Али Шуъайб өзүнүн Твиттер баракчасында сионист аскерлеринин жаңы опузаларын далилдеген сүрөттөрүн жарыялаган. Белгилей кетсек, басып алынган Палестина менен Ливандын чегараларында сионисттик режимдин бир аскердик унаасында аскердин ордуна бир аскердик кийимдүү манекен отургузулган. Ливандык кабарчы сионисттердин бул жаңы опузасына карата мындай деп жазган: “Бул опузаңар силердин аскер башчыңарды жок кылууга жетиштүү. Анткени бул ишиңер силердин акмактыгыңарды айгинелейт. Силер азыр дагы…

Прочитайте больше

Американын Перс булуңундагы деңиз коалициясы 3 гана өлкөнүн колдоосу менен өз ишин баштады

Американын Перс булуңундагы деңиз коалициясы 3 гана өлкөнүн колдоосу менен өз ишин баштады

Американын Перс булуңундагы деңиз коалициясы  Ормуз кысыгындагы соода кемелеринин коопсуздугун камсыздоо шылтоосу менен бул аймакты  көзөмөлгө алуу ишин баштады. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Middle East маалымат порталы Американынын Перс булуңундагы коалициясы Англия, Бахрейн, Австралия өлкөлөрүнүн гана катышууларында түзүлгөнүн кабарлаган. Белгилей кетсек, Американын Коргоо министри Mark Asper Пентагондо чогулушкан кабарчылардын алдында билдирүү жасап, Америка жана анын бирикмелери бул аймакта “Иран аркылуу жасалган аракеттердин” алдын алуу максатында иш алпараарын белгилеген. Ал ошондой эле өз өлкөсү “Дипломатиялык алакаларды”…

Прочитайте больше

Президент Эрдогандын 30-Август Жеңиш майрамына карата куттуктоосу

Президент Эрдогандын 30-Август Жеңиш майрамына карата куттуктоосу

Эрдоган 30-Август Жеңиш майрамынан улам өз билдирүүсүн жарыялады. Президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк улутунун кечээ болгону сыяктуу бүгүн дагы эркиндик жана келечеги үчүн өз өмүрүнөн жогору көргөн мекенди коргоо үчүн ушундай эле эр жүрөктүк жана жан аябастыкты көрсөтүүгө даяр экенин айтты. Президент Эрдоган 30-Август Жеңиш майрамынан улам жарыялаган билдирүүсүндө, түрк элинин улуу тарыхынын алтын шакекчелеринин бири болгон 30-Август Жеңиш майрамынын 97 жылдыгын белгилеп жатканына басым жасап, Улуу Жеңиштин 97-жылында улутка бул жеңишти белек кылган Боштондук…

Прочитайте больше

Бишкектеги жаңы сейил бактын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышты

Бишкектеги жаңы сейил бактын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жаңы сейил бактын ачылышына катышып, «Биз Бишкекке жашыл шаар деген аталышын кайтарып беребиз», — деп баса белгиледи. Бул туурасында президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.Мамлекет башчысы бишкектиктерди жана борбордун конокторун шаардын турмушундагы маанилүү иш чара менен куттуктады. «Күн сайын парктын жанынан өтүп баратып, анын курулушунун жүрүшүн байкап жүрдүм. Кызматкерлер менен куруучулар таң эртеден кечке чейин кол үзбөй эмгектеништи. Паркты орнотууга катыштыгы барлардын…

Прочитайте больше

Захарова АКШны сынга алды

Захарова АКШны сынга алды

Захарова баш калаа Москвада күн тартипке байланыштуу маалымат берди. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, АКШнын Орусияга карай жаңы санкцияларды киргизүүсүнүн мыйзамдуу эмес экенин белгиледи. Захарова баш калаа Москвада өткөргөн маалымат жыйынында күн тартипке байланыштуу маалымат берди. Кош агент Сергей Скрипаль жана кызы Юлиянын өткөн жылы Англияда ууланышынын себебинен АКШнын Орусияга карай жаңы санкцияларды киргизишине сереп салган Захарова: «АКШнын санкциялары, жалгыз гана Орусия үчүн эмес, баардык өлкөлөр үчүн мыйзамсыз кысым жолу болуп…

Прочитайте больше

Ооганстанда ИШИМ террордук уюмунун 4 миңден ашуун согушкери бар

Ооганстанда ИШИМ террордук уюмунун 4 миңден ашуун согушкери бар

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Геннадий Кузьмин азыркы учурда Ооганстанда ИШИМ террордук уюмунун 4 миңден ашуун согушкери бар экенин билдирди. Булл туурасында «FarsNews» агенттиги кабарлады. Геннадий Кузьмин БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп, “Учурда ИШИМ террордук уюму аймактын башка өлкөлөрүнө мындан ары жайылуу үчүн Ооганстанды плацдармага айлантууга активдүү аракеттерди жасап жатат”, – деп билдирди. Анын айытымында, учурда Ооганстандын Кунар жана Нангархар провинцияларында ИШИМдин 4 миңден ашуун согушкери бар. Мындан тышкары бир катар ИШИМ согушкерлери  Ооганстандын түндүк…

Прочитайте больше

Путин Рухани жана Эрдоган менен жолугушарын тастыктады

Путин Рухани жана Эрдоган менен жолугушарын тастыктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү  үчүн сентябрдын орто ченинде Анкарада Ирандын президенти Хасан Рухани жана Түркиянын президенти   Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушарын кечээ, 27-августта тастыктады. Бул туурасында “FarsNews” агенттиги жазды. “ИТАР-ТАСС” агенттигинин маалыматын караганда, “Орусия, Түркия жана Иран менен Астана процессинин отурумун өткөрүү үчүн сентябрдын орто ченинде Анкарага барам”, – деп билдирди Путин. Буга чейин Сирия кризисин талкуулоо үчүн Астана процессинин кепилдери Түркия, Орусия жана Ирандын лидерлеринин саммити 16-сентябрда Түркияда өткөрүлөрүн маалымат булактары жазышкан….

Прочитайте больше

Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин экинчи жыйыны өтөт

Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин экинчи жыйыны өтөт

Быйыл Борбор Азиянын лидерлери Ташкентте чогулушат. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл күзүндө Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин экинчи сүйлөшүүлөрү өтөт. Аталган аймактын өлкө башчыларынын алгачкы сүйлөшүүлөрү 2018-жылдын март айында Астанада өткөн. Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин расмий эмес жолугушуусун өткөрүү демилгеси алгачкы жолу 2017-жылдын сентябрь айында Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жетимиш экинчи сессиясында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев тарабынан көтөрүлгөн. Алгачкы план боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин экинчи жолугушуусу…

Прочитайте больше

Үй жаныбарлары бар адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу аз болот

Үй жаныбарлары бар адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу аз болот

Окумуштуулар үй жаныбары бар адамдарда, айрыкча ит баккан кишилерде жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу аз болорун аныкташты. Бул тууралуу чехиялык дарыгерлер билдирип чыкканын MedicalXpress басылмасы жазды. Окумуштуулар жүрөк-кан тамыр системасы калыбында болгон 1 миң 769 адамга изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөгө катышкан адамдардын жашоо образы, тамактануусу, кан басымы, кандагы канттын өлчөмү, салмагы, холестерин жана физикалык активдүүлүгү эске алынган. Жыйынтыгында, үй жаныбарларын кармаган адамдар көп кыймыл аракетте болору жана туура тамактанары аныкталган. Ал эми, ит ээлеринин (жаш курагы,…

Прочитайте больше

Алма-Атада 180 диний бирикме катталган

Алма-Атада 180 диний бирикме катталган

Алма-Ата шаарында 17 диний агымдын 180 бирикмеси катталганы белгилүү болду. Бул тууралуу IQNA агенттиги Ирандын Казакстандагы маданий өкүлчүлүгүнө шилтеме берип маалымдады. Белгилей кетсек, Казакстандын мурдагы борбор калаасы болгон 113 диний имарат: алардын ичинде 50 мечит, 19 ортодокс чиркөөсү, 2 католик чиркөөсү, 1 синагога, 1 будда храмы, 34 протестанттар конфессиясынын имараты,4 жахаба күбөлөрүнүн имараты бар. Берилген маалыматтарга караштуу, бул шаардын көпчүлүк тургундары мусулмандар жана ортодоксалдык христиандар. Ал эми күнүнө Алма-Ата мечиттерине 70 миң мусулман намаз окуганы келишсе, чиркөөлөрдө…

Прочитайте больше

Дүйнөдөгү эң күчтүү ооруну басаңдатуучу дары Иранда жасалды

Дүйнөдөгү эң күчтүү ооруну басаңдатуучу дары Иранда жасалды

Иранда морфинден да күчтүү ооруну басаңдатуучу дары жасалганын “Sputnik” агенттиги “Fars News” агенттигине шилтеме берип жазды. Ирандык фармацевт, Медициналык система уюмунун жана Хамадан фармацевттер бирикмесинин мүчөсү доктор Кейван Разаги эрмен-шыбак дары чөбүнүн ширесинен ооруну басаңдатуучу күчтүү мазь жасашканын маалымдады. Анын айтымында, бул мазь көптөгөн ооруларды басандатууда таасири күчтүү, ал тургай операция учурунда да колдонулуп, пайдалуу болууда. Доктор Кейван Разагинин билдирүүсү боюнча, “Афсантин” дарысы дүйнөдөгү эң күчтүү ооруну басаңдатуучу мазь жана морфинден да күчтүү. Кейван Разаги бул мазь…

Прочитайте больше

Башар Асаддын кеңешчиси: Иран,Орусия жана Хезболланын колдоолору баалангыс

Башар Асаддын кеңешчиси: Иран,Орусия жана Хезболланын колдоолору баалангыс

Сириянын баардык аймактары бошотулат. Сирия президентинин саясий жана маалымат иштери боюнча  кеңешчиси Иран, Орусия жана Ливандын Хезболласына терең ыраазычылыгын билдирди. Tasnim агенттигинин as-Somarya News маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Башар Асаддын саясий, прессалык кеңешчиси Басния Шаъбан Хамада өткөн улуттук конференцияда сөз сүйлөп, элдин эрдиктерин алкап, жакын арада Сирияныны бардык аймактары террорчулардын колунан бошотулаарын билдирди. Басние Шаъбан Сириянын 10 миң жылдык тарыхын эске салып, 100дөн ашуун өлкөлөр баардык мүмкүнчүлүктөрү менен бул өлкөгө каршы согуш баштаганы өзүнчө бир…

Прочитайте больше

Аятолла Хаэри: Американын Иракта болуусуна диний жактан тыюу салынат

Аятолла Хаэри: Американын Иракта болуусуна диний жактан тыюу салынат

Ирактын белгилүү дин аалымы жана муфтийи Аятолла саид Казем Хаэри америкалык аскер күчтөрүнүн өлкөдө ар кандай жагдайлардан улам жайгашуусун  арам деп жарыялады. Hawza News агенттигинин маалыматына ылайык, Аятолла саид Казем Хаэри Ирактагы америкалык аскерлер тууралуу билдирүү жасап, алардын өлкөдө болууларына шарыят боюнча тыюу салаарын жарыялады. “Менин кулагыма акыркы күндөрү аскерибиздин курал-жарак кампаларына душмандардын учактары кол салып жатканы жетти. Бул кол салуулар  сионисттер аркылуу америкалык аскерлердин колдоосу менен ишке ашырылып жатканы белгилүү. Эгер мен бир аскер болуп,…

Прочитайте больше
1 2 3 6