Кызыл Крест: АКШнын Талибан  менен сүйлөшүүсү Ооганстандагы зордук-зомбулукту азайткан жок

Бул тууралуу “Tasnim” агенттиги кабарлады. Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин Ооганстандагы башчысы Хуан Педро Шерер абадан жасалган соккулар, түнкү чабуулдар жана адамдар көп топтолгон жерлерлердеги чабуулдар согушка тиешеси жок жай тургундардын, анын ичинде аялдардын жана балдардын өлүмүнө алып келүүдө деп билдирди.

Ал америкалыктар менен  Талибандын Ооганстандагы чабуулдары көбүнчө турак үйлөргө, мечиттерге, мектептерге, дүкөндөргө жана ооруканаларга багытталарын белгиледи. Анын айтымында, медицияналык борборлордогу кызматкерлерге каршы жасалган чабуулдар көбөйдү, ушул жылдын алгачкы алты айында эле 59 учур катталган.

Хуан Педро Шерер Ооганстандагы кагылышкан тараптарды медицияналык жардам көрсөтүүлөргө тоскоолдук жаратпоого чакырды. Ал дарыгерлерге кол салуу элге медициналык жардам көрсөтүүлөрдү кыйындатарын айтып, бул аракеттер тез арада токтолушу керек деп билдирди.

Эске салсак, акыркы апталарда америкалык күчтөр Ооганстандын Вардак провинциясындагы медициналык бир борборго чабуул койгон, анын кесепетинен бир дарыгер каза таап, бир нечеси жаракат алган.

Эл аралык Кызыл Крест Комитети АКШнын Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасыздыгын сынга алды.

Комментарий жиберүү