Уильям Бимен: Перс булуңунун коопсуздугун аймактагы өлкөлөр өздөрү көзөмөлдөшү керек

Миннесота университетинин антрология боюнча профессору Уильям Бимен Перс булуңун көзөмөлдөө үчүн ар кандай чет элдик долбоорлор катачылык экенин жана бул жоопкерчиликти аймактагы өлкөлөр өз моюндарына алуусу керектигин белгиледи. “Fars News” агенттигинин кабарчысы Американын Перс булуңунда коалиция түзүү боюнча долбоору жана башка аймактын коопсуздугун сактоо үчүн жасалган пландар боюнча доктор Уильям Бимен менен маек курду.

“Fars News”: АКШ Перс булуңунда аскердик коалиция түзүүнү көздөп жатат. Бул аракеттин максаты эмне?

Уильям Бимен: Американын Иран менен кагылышуусу үчүн негиздүү себеп жок. АКШ армиясынын Ирандан зыян тарткан жалгыз аспабы бул – Перс булуңунда атып түшүрүлгөн учкучсуз башкарылган учагы. Алгач Америка алардын учкучсуз учагы эл аралык суулардан учуп бара жатканын билдирген. Бирок Иран АКШнын учагы Ирандын суу мейкиндигинен учканын маалымдаган.  Акыр-аягы Орусия Ирандын билдирүүсүн ырастап, АКШнын учагы Иран сууларынан кулады деп жарыялаган соң Америка унчукпай калды. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон сыяктуу адамдар Иранга кол салууга бир шылтоо издеп жатышат. АКШнын аскердик коалиция түзүү сунушунун себеби алар “Американын кызыкчылыгы” дегенди жамынып, аймактагы кандай гана кеме болбосун Американын кемеси болбосо дагы Ирандын деңиз күчтөрү менен кагылышкан учурда Американын кызыкчылыгына чабуул жасалды, демек. Ошондуктан башка өлкөлөр менен коалиция түзүүгө аракет кылууда.

 “Fars News”: Бул күндөрү Перс булуңундагы коопсуздук боюнча башка долбоор Британия тарабынан сунушталды. Франция коалицияга кошула тургандыгын маалымдады. Германия дагы деле чече элек. Эмне үчүн Британия бул долбоорду Американын катышуусу жок сунуштады?

Уильям Бимен: Себеби, Британия Иран менен согушууга кызыкдар эмес жана Америка Иран менен согуш баштоого шылтоо издеп жатканын жакшы билет. Ошол себептен улам британиялыктар өздөрүнүн аскердик кемелери Американын аймакта согуш ачуусу үчүн шылтоо болушун каалабайт.

“Fars News”: Перс булуңундагы аймактар үчүн Ирандын көз караштарына жакын болгон башка долбоорду Орусия сунуштады. Орусиянын долбоорунда транс-аймактык мамлекеттер кийлигишүү ролун эмес, бир гана байкоочунун ролун ойнойт. Бул долбоорду ишке ашыруу мүмкүнбү?

Уильям Бимен: Албетте, Орусия бул максатты көздөп жатат. Алардын түпкү максаты – Пётрдын заманынан тартып, азыркы учурга чейин Перс булуңунун сууларына жетүү. Иран бул долбоор менен макул болушу мүмкүн, бирок менин оюмча алар мындай долбоорду кабыл албашы керек. Аны кабыл алуу Ирандын көз карандысыздыгын Орусия үчүн курман кылуу деген маанини билдирет.  Чындыгында, бул долбоорду сунуштоо аркылуу Орусия аймактагы   таасирин көбөйтүүнү пландаштырууда. Орусиянын Перс булуңунда транс-чегаралык аскердик база куруусуна уруксат бербеш керек. Себеби, бул чоң катачылык болот.

“Fars News”: Ирандын көз карашы боюнча Перс булуңунун коопсуздугу аймактагы өлкөлөр тарабынан камсыз кылынышы керек. Бул долбоор азыр канчалык жүзөгө ашырылып жатат?

Уильям Бимен: Бул долбоордун бүгүнкү күндө ишке ашырылып жатканы көрүнө элек. Бирок мен Перс булуңундагы мамлекеттер аймактагы өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн өз күчтөрүн жана коргоо уюмдарын түзүүсү керек деп эсептейм. Мен өзүм дагы аймактагы абалды көзөмөлдөөдө жергиликтүү бийликтердин ролун колдогондордун биримин. Аймактагы чет өлкөлүк жана эл аралык күчтөрдүн аракеттерине каршымын.

Комментарий жиберүү