Арабстандын саботаждыгынан улам миңдеген франциялык мусулмандар быйыл ажыга бараалбай калышты

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Арабстан тараптан белгиленген жаңы тарифтер менен чыгымдардын жогору болуусу жана виза берүү боюнча шарттардын кыйындыгынан улам быйыл миңдеген франциялыктар ажыга бара албай калышканын  La Croix гезити жазып чыкты.

Белгилей кетсек, Аль Сауд режими быйыл Катар менен Йемен жарандарына да виза берүү шарттарын татаалдаткан.

Эске салсак, сириялык жарандар 9 жылдан бери ажыга виза ала алышпай жүрүшөт.

Ал эми 2016-жылы бардык ирандык зыяртчыларга ажыга барууга тыюу салышкан. Ал эми 2015-жылы ажылык амалдарын аткарып жатышып, Арабстан жетекчилеринин туура эмес башкарууларынан улам 464 ирандык зыяратчы шейит болушкан.

Комментарий жиберүү