Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрү сионисттик режимден жогоруладыбы?

Америка менен Батыш өлкөлөрүнүн сионисттик режимдин аскерлерине ар тараптан колдоо көрсөткөнү менен быйылкы көрсөткүчтөр боюнча Израилдин аскердик мүмкүнчүлүктөрү 1 орунга ылдыйлап, дүйнө боюнча 17-орунду ээлесе, ИИР армиясы 14-орунга чыккан.

Бул тууралуу IRNA агенттиги Israel Nets маалыматына шилтеме берип билдирди.
Global FirePower  аталган аскердик маалымат порталы Израилдин аскердик мүмкүнчүлүктөрү Американын түз колдоо көрсөтүүсүнө жана эсепсиз бөлүнгөн бюджеттерге карабастан, өткөн жылга карганда 3 тепкичке ылдыйлаганын жарыялаган.
Белгилей кетсек, бул жаатта ИИРдин аскердик мүмкүнчүлүктөрү өлкөгө киргизилген ар тараптуу санкцияларга карабастан 19 млрд. бюджеттүү сионисттик режимдин күчтөрүнөн, жада калса 70 млрд. доллар бюджеттик Арабстандын аскерлеринен да озуп, 6 млрд. доллар бюджети менен 14-орунга чыгууга жетишкен.

Ирандын аскер күчтөрүнүн мындай шарттардагы жетишкендиктерди сионисттерди таң калтырган жана Иерусалим пост гезити Американын катуу санкцияларына карабастан Ирандын мындай ийгиликтерге жетишкендерин “таң калтыраарлык” деп баа беришкен. Албетте, Global FirePower  маалымат порталы мындай баа берүүдө Ирандын Сакчылар корпусунун мүмкүнчүлүктөрү менен жабдууларын эске алган эмес.

Эске салсак,  2019-жылда түзүлгөн 55 индекс боюнча 137 дүйнө аскерлеринин мүмкүнчүлүктөрү боюнча эң күчтүү аскерлери боюнча катары менен Америка, Орусия жана Кытай  турса, андан соң кийинки орундарды Индия, Франция, Япония, Түштүк  Корея, Британия, Түркия, Германия катары менен онунчу орунга чейин чыгышкан.

Бул аскерлер топтомунда алардын аскердик бюджеттери, жабдуулары, коргонуу системалары каралган.

Комментарий жиберүү