Зариф Грис-1 мунай кемесинин бошотулуусу боюнча билдирүү жасады

ruРусский

Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Мухаммад Жавад Зариф 15-августта Жабаль ат-Тарек аймагынын Жогорку сотунуну өкүмү менен Ирандын мунай ташуучу кемесинин бошотулуусу боюнча билдирүү жасаган.

“Америка экономикалык террорчулук аркылуу өз максатын ишке ашырууда, (мисалга рак ооруларын муктаж дарыларынан куржалак калтыруу) жеңилүүгө учурады. Ошондой эле  укуктук системадан пайдаланып, биздин мүлкүбүзгө (Грис-1) эл аралык дарыяларда каракчылык кылууну көздөгөн. Анын бул аракети мыйзамдарды канчалык деңгээлде бузгандыгын айгинелейт.”

Белгилей кетсек, Жабаль ат-Тарек Жогорку соту 15–августта түштөн кийин мурдатан бери токтотулуп турган Ирандын мунай ташуучу кемесин бошотуу өкүмүн чыгарган. Бул өкүм чыгаардан мурда Американын Адилет министрлиги Жабаль ат-Таректин Казылык жетекчилигине кат жолдоп, Грис-1 кемесин токтоттуруу мөөнөтүн  узатрууну талап кылган эле.

Комментарий жиберүү