Кытай Америкага эскертүү берди: Гонконгго кийлигишүүнү тезинен токтоткула

ruРусский

Бул туурасында “Mehr News” агенттиги “Reuters” агенттигине шилтеме берип жазды. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин Америка эл аралык мыйзамдарды жана эрежелерди сактоо менен Гонконгдун ишине  жана Пекиндин ички иштерине кийлигишүүнү тезинен токтотушу керек деп билдирди.

Хуа Чуньин кабарчылардын алдында сөз сүйлөп жатып, Америка эмне максат менен Кытайдын ички иштерине кийлигишип жатат? Америкалыктар Гонконгдун ишин колдонуу менен эмне максатты көздөп жатат деп АКШга дагы бир жолу суроо узатты.

Анын айтымында, Гонконг Кытай аймагынын бир бөлүгү жана анын маселеси Кытайдын ички иштери болуп саналат. Америкадан тышкары, буга чейин Кытайдын тышкы иштер министрлиги Британияны дагы Гонконгдун ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган. Анткени Пекиндин билдирүүсү боюнча, Британиянын Гонконгдо ээлик кылуу, башкаруу жана байкоо салуу укугу жок.

Бул аймак көп жылдан бери Кытайдын бирдиктүү суверенитетинин алдыда турат. Хуа Чуньин өлкөсү чет өлкөлөрдүн Гонконгдун ички иштерине кийлигишүүсүнө эч качан жол бербей тургандыгын айтып, Гонконг Батышка таандык колониялык аймак эмес, Гонконг Кытайдын административдик району экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Гонконгдо июнь айынан бери кылмышка шектүү адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар өтүп жатат. Ɵкмөт бул мыйзамды кароону убактылуу токтоткон, бирок митингдер дагы деле токтой элек.

Комментарий жиберүү