Кытай Гонконг менен чегарага аскер жайгаштырды

Бул туурасында “Mehr News” агенттиги CNN телеканалына шилтеме берип жазды. Маалыматка караганда, Кытайдын аскердик күчтөрү Кытайды Гонконг менен байланыштырган Шэньчжэнь порт-шаарына жайгаштырылды.

Кытай булактары маалымдагандай, Кытайдын элдик куралдуу полициясы дагы Гонконг менен чегара аймактарда даяр турат. Кытайдын элдик курлдуу полициясынын 1,5 миллион мүчөсү бар жана алар Кытайдын бардык шаарларында жайгаштырылган.

Бул күчтөр Кытайдын Борбордук аскерий комиссиясынын көзөмөлү астында жана бул өлкөнүн президентинин буйругу менен ишмердүүлүк кылат.

Гонконгдо июнь айынан бери кылмышка шектүү адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар өтүп жатат. Ɵкмөт бул мыйзамды кароону убактылуу токтоткон, бирок митингдер дагы деле токтой элек.

Комментарий жиберүү