Нигерия өкмөтүнүн шейх Закзакини өлтүрүүгө болгон аракети.

ruРусский

Нигериянын Ислам кыймылы: Өкмөт Ислам кыймылынын лидери Ибрахим Закзакини өлтүрүүнүн аракетинде.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Нигериянын Ислам кыйымылы 15-августта мындай билдирүү жасаган: “Нигериянын Жогорку сотунун шейх Закзаки менен жубайына дарыланууга уруксат берүү чечими Нигерия өкмөтүнүн каалоосуна каршы болгон. Нигерия өкмөтү кандай гана ыкма менен болбосун, шейх Закзакини өлтүрүүнү көздөөдө жана Ислам кыймылын биротоло жок кылуу менен Африкага Батыштын империалисттик үстөмдүк кылуусуна шарт түзмөкчү.”  Нигериянын Ислам кыймылы өз билдирүүсүндө “ эгер шейх Закзаки өз өлкөсүндө даарыланса, Нигерия өкмөтүнүн абийири жалпыга төгүлмөк жана бул нерсе өкмөткө жакмак эмес”- деген.

Белгилей кетсек, шейх Ибрахим Закзаки Индияда өтө турган дарылануусунан кооптонуп, кайра өлкөсүнө кайтып келген. Ал эми Лондондун исламдык адам укуктарын коргоо борборунун жетекчиси Масъуд Шажаранын айтымында шейх Закзакинин Индиядагы дарылануу абалы абдан начар болуп, ага бир кылмышкер катары мамиле жасалганын билдирген.

Эске салсак, шейх Закзаки жубайы менен 2015-жылы 13-декабрда Нигериянын аскерлери аркылуу Зария  шаарындагы хусейниеде (шииттердин ибадат кылуучу жайы) кармалышып камакка отургузулушкан. Ошондой эле ал күнү бул хусейниеде жүздөгөн шииттердин каны төгүлгөн.

Комментарий жиберүү