Гонконгго тышкы кийлигишүүлөр күч алууда

ruРусский

Fars News aгенттигинин маалыматына ылайык, Гонконгдогу митингдердин толкундары Америка менен Британиянын кийлигишүүсү менен күч алып жатканы белгилүү.

Гонконгдогу башаламандыктар мындан үч ай мурда бул автономдуу аймактын парламентинде кабыл алынган издөөдө жүргөн кылмышкерлерди Кытайга өткөрүп берүү мыйзам долбоорунан кийин башталган. Гонгконг митингчилер мыйзам долбоору аймактын көз карандысыздыгына залака келтирет деп нааразычылык билдиришүүдө. Бул боюнча Кытайдын алдыңкы агенттиктери Гонконгдогу нааразылыктарга дем берип жаткан тышкы колдор Пекиндин таасирин алсыздандыруу максатында митингчилерди колдошууда деп жарыялашкан.

Гонгконг 1842-жылдан 1997-жылга чейин Улуу Британиянын карамагында болгон жана Улуу Британия менен мурунку келишим аяктагандан кийин Кытай Эл Республикасына кошулду. Гонгконг 7 млн. тургундары менен Чыгыш Азияда жана дүйнөдөгү негизги каржы борборлорунун бири болуп саналат.

Аталган аймактагы нааразылык акциялар күндөн-күнгө жайылып, бейбаштыктар катталган. Митингчилер парламентти курчоого алып, имаратка чабуул коюшкан.  Алар укук коргоо органдарынын кызматкерлери, полиция тарабынан көзөмөлдөнүшкөнүнө карабастан парламентке киришип, имараттагы мүлктөрдү жер менен жексен кылып, үстөл, отургуч, айнектерин сындырышты. Мындан тышкары полиция жана коопсуздук күчтөр менен тирешише кетишип, алар тарапка тери кычыштырып, дем кыстырган шектүү суюктуктар толтурулган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.

Гонконгдогу бул башаламандыктарга Батыш өкмөттөрүн айыптап, Кытайдын өкмөттүк гезити “China Daily” мындай деп жазган: “Батыш өлкөлөрү мурдатан Латын Америка, Судан, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүндө башаламандык жараткан иш-аракеттерине карабастан, эми болсо эч убакта башаламандыкты каалабаган Кытай тарапка көңүлдөрүн бурушту. ”

Кыйтадын көптөгөн прессалары менен серепчилери Гонконгдогу башаламандыктардын негизги кыймылдаткычы болгон чет өлкөлүк өкмөттөрдүн негизги максаты: “митингдерди борбордук өкмөткө кысым келтирүүчү курал катары колдонуу”- деп билдиришүүдө.

Гонконгдогу башаламандыктардын катышуучулары атайын байланыш каналдары аркылуу башкаларды да митингдерге кошулууга чакырып жатышканы белгилүү болду. Бул тууралуу Би-Би-Си  мындай деп жазган: “Нааразылык акцияга катышууга чакырган анонимдүү ИП каналдар жана медиа-кабарлар топтору Гонконг калкынын бир пайызын түзөт. Бул каналдардын бири нааразылык камтыган отчетторду таратышса, башка каналдары укук коргоо органдарынын митингчилерге карата жасаган эскертүүлөрүн чагылдырышат.
Батыш өлкөлөрү, алардын ичинде Улуу Британия менен Америка бул башаламандыктарга тиешелери жоктугун ынандырышканы менен Гонконг көчөлөрүндөгү демонстранттардын колундагы Америка менен Британиянын желбиреген желектери алардын колдоосун айгинелеген. Ал эми Гонгконг гезити америкалык дипломат Джули Эйденин аймактагы башаламандыктарды уюштуруучулар менен мейманканада жолугушкан сүрөттөрүн жарыялаган.

Сүрөттөр чыккандан кийин, Кытай Гонконгдогу Америка консулдугунан митинг лидерлери менен америкалык дипломаттын ортосундагы мамилелери боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

Бул окуядан соң, Америка ТИМнин басма сөз катчысы Морган Ортагус билдирүү жасап, Гоконгдун сүрөттөрдү жарыялаган гезитин сынга алуу менен америкалык аккредитацияланган дипломаттар башка дипломаттарга окшош Гонконгдо өз иштерин гана аткарышып жатканын белгилеген. Гонконгдогу башаламандыктардын көздөгөнү сепаратизм болууда. Гонконгдогу оң канаттуу жана көз карандысыздыкты талап кылган  “Democystus” партиясынын башкы катчысы жана башаламандык уюштуруучуларынын бири  ” Joshua Wong” CNN менен болгон маегинде Америка жана Улуу Британиянын колдоо көрсөтүүлөрүн суранып мындай деген: “Биз күрөштү улантабыз жана Пекиндин басымына каршы туруштук беребиз. Биз дүйнө жүзү боюнча союздаштарыбызга кайрылып, бизге колдоо көрсөтүүлөрүн суранабыз.”

Комментарий жиберүү