Иран тууралуу кызыктуу фактылар

ruРусский

Иранда коопсуздук деңгээли жогору

Кээде туристтер Иранды Ирак менен алмаштыра беришет. Бирок Ирак же Ооганстан менен кошуна болгонуна карабастан, Иран аймактагы эң коопсуз өлкө бойдон калууда. Ирандын меймандос, боорукер жана жылуу жүздүү эли  өлкөсүнө келген конокторду өзүнүн жеке коногундай абдан жакшы кабыл алышат жана ар дайым жардам берүүгө даяр. Өлкөгө Европа жана Азиядан барган туристтердин агымы жыл сайын өсүүдө. Аял-кишилер дагы эч нерседен коркпостон Иранга жалгыз саякаттай алышат.

Ирандыктардын, айрыкча аялдардын билим деңгээли жогору

Ирандын жогорку окуу жайларында билим алган студенттердин 60%га чукулу – кыздар. Аялдар унаа айдап, учак башкара алышат. Мекемелерде иштешет, Парлементке мүчө, министр, полиция кызматкерлери боло алышат, бизнес менен алектене алышат жана шайлоолордо эркин добуш беришет. Ирандык айымдар абдан саркеч болушат жана ачык түстүү кийимдерди жакшы көрүшөт.

Иранда башка жоолук салып жүрүү керек, бирок ирандыктар никаб, паранжа кийбейт жана беттерин жаап жүрүшпөйт. Негизинен улуу муундагы жана динди катуу кармаган аял-кишилердин “чадор” кийип  жүргөнүн көрүүгө болот. “Чадор” – баштан тартып бутка чейин денени толук жапкан узун кездеме , бирок чадор бетти чүмкөбөйт.

Иранда дүйнөдөгү эң ири бирюза кени бар

Бирюза (жашыл же көгүлтүр түстүү асыл таш) эзелтеден эле Чыгыш маданиятынын абдан маанилүү кымбат баалуу таштардын бири болгон. Кызыктуусу, бул таштын орусча аталышы перс тилинен “фирузе” деген сөздөн келип чыккан. Перс тилинен которгондо “бакыт ташы”, “жеңүүчү” дегенди билдирет. Ар бир ирандыктан бирюзасы бар жасалганы көрүүгө болот. Бирюза байыркы перстердин соода алмашуудагы  эң негизги буюму болгон. Иран көп кылымдар бою бул сырдуу көк-жашыл таштын  негизги дүйнөлүк жеткирүүчүсү болуп келген жана Ирандын бирюзасы ушул күнгө чейин сапаттын жана кооздуктун эталону деп эсептелип келет. Бул минералдын абдан кооз үлгүлөрүнүн мекени Ирандын түндүк-чыгышындагы Хорасан провинциясынын тоолору эсептелчү. Ошондой эле Ирандын Нишабур, Дамган, Керман шаарларынын шахталарынан да казылып алынат. Иран бирюзасынын  мыкты үлгүсү делип көк түстөгү ак тактары бар бирюза эсептелет. Ирандан чыккан бул таш  негизинен башкаларга караганда катуу болот. Ирандын Нишапур шаары бирюза ташы менен белгилүү. Нишапурдан алыс эмес Фируза-Маадан айылында дүйнөдөгү эң ири бирюза рудниктери бар. Нишапур шаарынан бул таш менен өтө оригиналдуу жана өзгөчө буюмдарды табууга болот. Бирюзанын дарылык касиеттери да бар. Уйкусуздуктан жапа чеккендерге, өпкө, жүрөк, ашказан жана боор үчүн өтө пайдалуу. Ошондой эле бирюза көздүн көрүүсүн жакшыртат, баш ооруну жеңилдетет жана терини калыбына келтирүүгө жардам берет. Абдан активдүү жана айыктыра турган күчкө ээ делип, ачык  көк бирюза эсептелет.

Ирандыктардын уникалдуу календары бар

Перс календары боюнча азыр Иранда 1398-жыл. Бүгүнкү Иранда үч календарь бирге колдонулат: перс календары, ай хажраты боюнча ислам жыл санагы жана григориан календары. Бирок ирандыктар күнүмдүк жашоосунда негизинен перс календарын колдонушат, ал эми ислам жыл санагы болсо диний максаттарда колдонулат. Иран календары күн хижрасы деп аталат. Жыл санагы Иранда 622-жылдан бери (Мухаммад пайгамбардын Меккеден Мединага көчкөн жыл) эсептелинип келе жатат.  Перс календарынын айлары байыркы зароастралык аталыштарын сактап калган. Иран календары боюнча ар бир апта ишемби күнү башталып, жума күнү аяктайт. Жума күн Иранда дем алыш күн болуп саналат.

 

Иран – дүйнөдөгү эң мыкты перс килемдеринин мекени

 

Килем – перс маданиятынын жана тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Ирандык балдар бала чагынан баштап эле килемде жөрмөлөшүп, ойношот, ал эми чоңдор болсо өз үйлөрүн килемсиз элестете да алышпайт. Килем токуучулук ирандыктар бүт жан дүйнөсүн жумшаган улуттук искусствонун түрү болуп саналат. Килем токуунун сырлары муундан-муунга өткөрүлүп келген. Колго токулган перс килемдери өзүнүн уникалдуу кооздугу жана жогорку сапаттуулугу менен дүйнөдө биринчи орунду ээлейт. Ирандын ар бир шаарынын өзүнүн оймо-чиймелери бар. Килемдердин бетиндеги сүрөттөр жана оймолор бейиштин гүл бакчаларын, Иран элинин маданиятын жана архитектурасын, ошондой эле жакшы жашоонун, түбөлүктүүлүктүн символун чагылдырып турат. Перс килемдерин токууда табигый материалдар менен боектор колдонулат. Кээ бир окумуштуулардын айтымында, перс килемдери жагымдуу атмосфераны түзүү менен адамдардын ден-соолугун, нерв системасын бекемдөөгө жардам берет. Бүгүнкү күндө миллиондогон ирандыктар килем токуучулук жана аны сатуу жаатында эмгектенишет. Килемди карапайым элден тарта фабрикаларга чейин чыгарышат. Иран перс килемдерин ири экспорттоочу өлкө болуп саналат. Байыркы перс килемдери дүйнөдөгү мыкты музейлерде сакталып турат.

Бизге белгилүү болгон дүйнөдөгү эң байыркы килем 2500 жыл мурда токулган. Ал “Пазирик” деп аталат. Колго токулган эң белгилүү “Пазирик” килеми 1949-жылы Түштүк Сибирдеги Алтай тоолорунда белгилүү археолог  Сергей Руденконун жетекчилиги астында археологиялык экспедиция учурунда муздун чоң кесегинде табылган. Тарыхчылардын айтымында, бул килем Ахамениддер дооруна тиешелүү болгон. Килемдин бүгүнкү күнгө чейин, кереметтүү сакталып калышынын сыры – анын көптөгөн кылымдар бою музда тургандыгында. Бүгүнкү күндө “Пазирик” килеми Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы мамлекеттик “Эрмитаж” мезейинде сакталып турат. Ошондой эле Ирандын улуу акыны Саадинин белгилүү “Гүлистан” поэмасынын үзүндүсү түшүрүлгөн дүйнөдөгү эң кымбат колго токулган перс килеми Нью-Йорктогу  БУУнун штаб-квартирасында жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлчү залда илинип турат.

Табияты бирдей болуп жаралган,

Бүт адамзат бир атадан тараган.

Бирин эле мүшкүл басса башкалар,

Туюп аны тынчсыздануу башталар.

Бөлөктөргө боор оорубас, кейибес,

Сага ыйык адам аты берилбес. (которгон Кубанычбек Басылбеков)

Саадинин бул ыр сабынын үзүндүсү жалпы адамзаттын биримдигине арналган. Уникалдуу бул килем Исфахандан чыккан чебер Мохаммад Сейрфияндын жетекчилиги астында жасалган. Килемдин жалпы аянты 25 чарчы метрди түзөт. Мындай уникалдуу шедеврди токууга 10 жыл убакыт кеткен. Килемдин чок ортосундагы Саади Ширазинин алтын жиптер менен токулган ыр саптары килемдин эң негизги кооздугу болуп саналат. Килемди токууда негизинен кызыл, ак жана күрөң түстөрү колдонулган. Ошондой эле көк, жашыл, кочкул кызыл жана кызгыл сары өңдөрү да кошулган. Килем 2005-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна белек катары берилген жана ушул күнгө чейин ирандык чебердин шедеври БУУнун штаб-квартирасындагы эң чоң өзгөчө килем болуп саналат. Аны Ирандын БУУдагы мурдагы элчиси жана туруктуу өкүлү Мухаммад Жавад Зариф тапшырган. Килемдин жанында ыр саптардын англис тилине которулган табличкасы турат.

Иран – улуу акындардын жана окумуштуулардын мекениБайыркы иран медицинасынын, астрономиясынын жана математикасынын ийгиликтери дүйнөдөгү эң көрүнүктүүлөрдүн бири болуп эсептелинет. Абу Али Хусейин ибн Абдаллах ибн Сина перс окумуштуусу, дарыгер, философ, акын, астроном дүйнөгө Авиценна деген ат менен да таанымал. Ал 980-жылы Бухарага жакын Авшан деген жерде төрөлүп, 1037-жылы 57 жаш курагында кайтыш болгон. Сөөгү Ирандын Хамадан шаарында жерге берилген. Анын “Дарыгерлик илимдин канону” деген китеби  XIX кылымга чейин Европанын эң мыкты медициналык университеттеринде китеп катары колдонулган. Перс адабияты – дүйнөгө классикалык поэзиянын эң мыкты үлгүлөрүн белек кылды. Ар бир ирандыктын үйүндө ардактуу жерде ар дайым эки китеп турат – Ыйык Куран китеби жана Хафиз акындын ыр китеби.

Бүт дүйнөгө рубаилери менен белгилүү болгон перс акыны, математик, астроном жана ойчул Омар Хайям – 1048-жылдын 18-майында Ирандын Нишапур шаарында  туулган. Самарканд шаарында билим алган. Кийин Бухарага барып, ал жерде математик жана астроном катары көптөгөн ийгиликтерге жетишип, орто доордун алдыңкы илимпоздорунун бири болгонго жетишкен.1122-жылдын 4-декабрында көз жумган. Акындын чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. Анын күмбөзү Нишапур шаарында орун алган. Күмбөздүн геометриялык формалары анын ырлары менен кооздолгон.

Улуу ойчул, окумуштуу-энциклопедиячы Рейхан Мухаммед ибн Ахмед аль-Бируни астрономия, математика, физика, медицина, география, тарых илимдерин мыкты өздөштүрүп, бул багыттар боюнча жүз элүүдөн ашуун илимий эмгек жараткан. Абу Бакир Закария ар-Рази  X кылымда жашап өткөн, бул аалымдын латын тилинен которулган он томдук “Китабу ат-Тибб” жана медицина энциклопедиясы болгон “Аль-Хави” аттуу эки эмгеги дүйнөгө белгилүү. Ар-Рази чечек жана кызамык ооруларына каршы алгачкы эмдөөнү жүргүзгөн. Чыгаан акындардын бири Саади көптөгөн чыгармалардын автору жана анын чыгармаларынын эң белгилүүсү философиялык-поэтикалык трактат мүнөзүндөгү “Бустан” жана “Гүлистан” поэмасы болуп саналат.

Иранда дүйнөдөгү эң укмуштуу ювелирдик буюмдар сакталып турат

“Ирандын улуттук казынасы” өлкөнүн жетишкендиктери сакталган жер болуп эсептелет, ал Тегерандын Улуттук банкынын атайын сакталуучу жеринде турат. Анын ичин көрүүгө чектөөлөр коюлуп, күнүнө бир канча саат гана иштейт. Мындай көп сандагы чоң бриллианттарды, изумруддарды, рубиндерди жана башка кымбат баалуу жасалгаларды эчжерден көргөн эмессиңер жана аны башка жерлерден да көрө албайсыңар. Бул жерде дүйнөдөгү эң чоң кызгылтым бриллиант “Дариаи Нур” (нур дарыясы) сакталып турат. Мындан тышкары, шахтардын баалуу таштар менен кооздолгон тактылары да бар. Бул музейде андан сырткары Пехлеви династиясынын эки шахынын таажысы сакталган. Аталган таажы алтындан жана күмүштөн жасалып, 1144 карат салмактагы 3380 бриллиант жана 368 бермет менен кооздолгон.

Ирандагы колго жасалган уникалдуу буюмдар – Ирандын визиттик картасы болуп саналат

Иранга барган туристтерди бир гана кооз мечиттер жана сарайлар суктандырбайт. Ошондой эле элдик чеберлердин колго жасаган улуттук буюмдары да таң калтырат. Мындай элдик искусствонун ар бир түрү Ирандын көп кылымдык тарыхынын жана маданиятынын жемиши болуп саналат. Мисалы, металлдын үстүнө сүрөт түшүрүү “галямзани” – 4000 жыл мурда пайда болгон.

Ал эми Калямкари же читсази — бул Ирандагы кездемеге сүрөт түшүрүү искусствосу болуп саналат. “Калямкари” перс тилинен которгондо “калям менен иштөө” дегенди түшүндүрөт. “Калям” — бул бамбуктан же курма жыгачынан жасалган аяк жагы учталган сыя калемге окшогон атайын курал. Ал куралдын экинчи башында ичке топ кыл бекитилген, ал кисти катары колдонулат. Исфахандык кол өнөрчүлөр калямкарини монголдор Иранды басып алгандан кийин (XIII кылымдын 1-жарымы) ойлоп табышкан деп айтылат. Сүрөт кол менен  да жана атайын мөөр штамптарынын жардамы менен түшүрүлөт. Кездемеге негизинен тарыхый жайлардын, үй жана жапайы жаныбарлардын, музыканттардын, гүлдөрдүн сүрөттөрү жана арабеска, жазуулар, перс акындарынын чыгармаларындагы цитаталар түшүрүлөт. Иран калямкарисинде сүрөт ачык сары кызгылт өңдөгү кездемеге түшүрүлүп, негизинен кызыл, көк жана сары түстөрү колдонулат. Калямкариде бир гана табигый материалдардан алынган боёктор жана металл туздары колдонулат. Калямкари негизинен пахта кездемесинен жасалат. Ал эми жибек кездемеден болсо көбүнчө кийим тигилип, ага сүрөт кол менен түшүрүлөт.

Иран элинин дагы бир өзгөчөлөнгөн кол өнүрчүлүгү Минакари болуп эсептелинет. Минакари – түстүү эмалдардын металлга же керамикага уникалдуу көркөм чагылдырылышы. Бул кол-өнөрчүлүк салты Иранда мындан 5000 жыл мурда пайда болгон. Лондондогу Виктория жана Альберт атындагы дүйнөлүк көркөм өнөр жана дизайн музейинде көргөзмөдө турган Ахемениддердин дооруна тиешелүү алтын браслет Минакаринин байыркы нускаларынын бири болуп саналат.   Минакари өндүрүш иши өтө татаал болуп, бир нече этапка бөлүнөт жана бир эле учурда бир нече устанын иштөөсү талап кылынат. Буюмдун негизги бөлүгүн жасоо үчүн адатта  жез, коло, күмүш жана алтын металлдары колдонулат. Уста жасап жаткан буюмуна форма бергенден кийин аны атайын чопо менен каптап алып 750°Сгеа чейин кызытат. Азыркы учурда кооздоо үчүн түрдүү металлдардын кычкылын пайдаланышат. Мисалы, кызыл түстү алуу үчүн алтындын кычкылын, ал эми бирюза өңү үчүн коргошун кристалын же жезди пайдаланышат. Минакари өнөрчүлүгү өтө машакаттуу келет. Жасалып жаткан буюмга түс бергенден кийин гүлдөрдүн, канаттуулардын, кээде перс миниатюраларынын үлгүлөрү түшүрүлөт. Сүрөт түшкөндөн кийин сырлары бекемделиш үчүн кайрадан отко какталат. Ошентип минакари Ирандын маданиятындагы көрүнүктүү жана баалуу кол өнөрчүлүктөрдүн бири болуп эсептелинип келет.

Иран – дүйнө жүзү боюнча мистени көп өндүргөн өлкө болуп саналат

Иран мистесинин сортторунун ар түрдүүлүгүн, даамын жана сапатын башка өндүрүүчүлөрдүн мистелери менен салыштыруу мүмкүн эмес. Мисте Чыгышта эң ардактуу өсүмдүктөрдүн бири болуп саналат, аны “өмүр дарагы” деп аташат. Персияда мисте ар дайым байлыктын жана гүлдөп-өсүүнүн символу катары эсептелчү. Бүгүнкү күндө Иран мистени дүйнөнүн 76 өлкөсүнө экспорттойт.

 

Иран ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча тарыхый эстеликтердин саны боюнча  дүйнө жүзүндө үчүнчү орунда турат

Бул өлкө 5000 жылдан ашуун тарыхы бар улуу, байыркы Персиянын мураскору болуп саналат. Иран Ислам Республикасында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган объекттер саны боюнча башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп. Мындан тышкары өлкөдө дагы аталган эл аралык уюмга каттоо керек болгон жүздөгөн байыркы объектер бар. Иран уюмдун Дүйнөлүк мурастар тизмесине 22 эстелик, ал эми улуттук мурастар тизмесине 32 миң объект каттоого жетишкен.

Ирандын мамлекеттик желегинде “Аллоху Акбар” сөзү 22 жолу жазылган

Ирандын улуттук желегинде бардык улуттук желектердин ичинен эң көп сөз камтылган. Мындай көп сандагы сөз дүйнөнүн бир да мамлекетинин желегинде жок. Анда Ислам ыңкылабын айгинелеп турган  “Аллоху Акбар” сөзү 22 жолу кайталанып жазылган. Ал эми 22 жолу кайталанып жазылышы ыңкылаптын 22 күн болгонун билдирип турат. Желек горизонталдуу жашыл, ак жана кызыл түстөн турган үч бирдей бөлүккө бөлүнгөн. Желектин борборунда төрт кызыл жарым ай жана кылычтын сүрөтү тартылган. Жашыл бөлүктүн ылдыйкы жана кызыл бөлүктүн үстүңкү жагында “Аллоху Акбар” сөзү 22 жолу жазылган. Жашыл түс – Исламды, тартип жана кубанычты, ак түс – тынчтыкты, ал эми кызыл түс – кайраттуулук, каармандык жана согушта төгүлгөн канды туюндуруп турат.  Желектин борборундагы жарым төрт жарым ай жана кылыч менен тартылган эмблема Исламдын беш негизин билдирет.

Комментарий жиберүү