Кашмирликтер Индия өкмөтүнө каршы митингге чыгышты

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Индиянын көзөмөлү астындагы Кашмирдин тургундары жума күнү митинг уюштуруу менен Индия өкмөтүнүн аларга каршы чектөөлөрүн алып салууну талап кылышты.

Кашмирдин митингчилери Индия өкмөтүнө каршы ураандарды чакырып, алардын Кашмир элине каршы кылмыштарын айыпташты.

Берилген маалыматка ылайык, Индия өкмөтү Кашмир аймагындагы өлкөнүн көзөмөлү астындагы интернет жана телефон кызматтарын токтотту.

Ошондой эле, Кашмирдин Индиянын көзөмөлү астындагы мектептери жана дүкөндөрү дагы кийинки аптага чейин жабылды.

Эскерте кетсек, Индия көп жылдан бери он миңдеген аскерлерин жайгаштыруу менен Кашмирдин аймактарын өзүнүн көзөмөлүнө алып келет жана акыркы отуз жылдын ичинде аймактын он миңдеген адамдарын өлтүргөн.

Кашмир калкы аймактын статусун аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзүү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомдорун ишке ашырууну талап кылып келишет. Бирок, Индия өкмөтү дайыма бул ишке каршылык көрсөтүүдө.

Комментарий жиберүү