Индияда катуу жааган жаандан 28 адам каза тапты

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Индия бийлигинин жана маалымат каражаттарынын берген маалыматына караганда, Индиянын түндүгүндө жайгашкан Химачал-Прадеш, Уттаранчал жана  Пенджаб штаттарындагы катуу жааган жамгыр бир нече адамдын өмүрүн алганын малымдашты.

“India Today” маалымат базасынын маалыматы боюнча аталган аймактардагы жекшемби күнү жааган катуу жамгырдан 28 адам каза тапкан жана 22 адам белгисиз жоголуп, дагы 12 адам жарадар болгон.

Билдирүүгө караганда, нөшөрлөгөн жаандын натыйжасында көптөгөн жолдор жабылып, бир канчасы бузулган.
Индия бийлиги өлкөнүн борбор шаары Делиде дагы катуу жааган жамгырдан улам Ямуна дарыясындагы суунун көлөмү көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертишти.

Комментарий жиберүү