Трамп: Америка психологиялык ооруканаларды кеңейтүүгө муктаж

Америка президенти өлкөдөгү ок атышууларга баргандарды психологиялык ооруканаларга  жайгаштыруу керектигин билдирди. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды.

Американын президенти Дональд Трамп кабарчыларга берген маегинде элге “психикалык оорулар” боюнча эскертүү керектигин айтты.

“Бул адамдар (ок атышкандар) психологиялык оорудан жабыркашууда, бирок алар тууралуу эч ким сөз сүйлөбөй жатат. Менин оюмча өлкөдө психологиялык ооруканаларды көбөйтүшүбүз керек жана мындай адамдарды ээн эркин көчөгө чыгарбообуз зарыл”,-деди Трамп.

Белгилей кетсек, мындан 2 апта мурда Техаста бир жаш жигит Эль-Пасо шаарында элге ок чыгарып, 20 адамды набыт кетирип, 24үн жарадар кылган.  Ошол эле күнү Огайо штатындагы ок атышуудан 10 адам курман болуп, 16сы жаракат алган.
Өлкөдөгү ок атышуулардын көбөйгөнүн көпчүлүгү президенттин расисттик билдирүүлөрүнөн улам экендигин айтышууда.

Эске салак, Америкадагы өлүм менена аяктаган ок атуулардын көбү ак жуумал (европалык рассадагылар) аркылуу башка рассаларга карата жасалууда. Киши колдуу болуп курман болгондордун көбү кара терилүүлөр экени белгиленген. Албетте мындай окуяларды террордук окуя дебестен, психологиялык ооруга шылтоо берилгени менен мындай кылмышты бир кара терилүү же динге байланышкан адам  жасаса, токтолбостон  ага “террорчулук акт” деген баа беришери белгилүү.

Комментарий жиберүү