АКШ Иранга жеңилүүдө

ruРусский

Кан көксөгөн Болтондун жүзү ачылды

Өзүн дүйнөнүн кожоюну катары эсептеген Америка бийлиги бүгүнкү күндө экономикасы дүркүрөп өнүгүп, бүтүндөй Азия континентинде баардык тармактар боюнча лидерликке жеткен Иранды алсыратуу жана Ливия сыяктуу бөлүп-жаруу максатында эл аралык эрежелерди бузуу менен санкцияларды киргизип, экономикалык “террорчулук” жолуна түшүп алды. Бирок дээрлик 40 жыл боюу АКШнын санкциясында жашап, экономикасы алсырамак тургай, кайра атамекендик өндүрүшү өнүгүп кеткен Иран бул сыноолорго да туруштук берүүдө. Бирок Америка Иранга бир гана экономикалык тоскоолдук жаратпастан, согуш ача тургандыгын эскертип, бир нече ирет коркутуп-үркүткөнгө чейин барды. Ошол эле учурда Трамп өзү бул кадамынан чочулап, артка кайтууда.

Американын мындай аракетин жакында Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф айыптап, Твиттер баракчасынан Трамптын “Иран бир дагы согушта ийгиликке жете албады, бирок эч бир талкууда жеңилген жок”,- деп айткан сөзүнө “Ирандыктар миңдеген жылдар бою бардык кол салуучуларды артка калтырып келет”,- деп жооп берди.

Ошол эле учурда Зариф Дональд Трампка Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтондун “согушту эңсөөсүн” токтотуусун сунуштады.

Анда Болтондун 2017-жылы жазган макаласынын сүрөтүн бөлүшүп, анын да дал ушул сөздөрдү колдонгонун айтып: “Дональд Трамп “Б” тобунун жасалма тарыхынан жана согушту эңсөөсүнөн баш тарт. Дипломатия акыл-эстүүлүк жана эч качан алсыздык эмес”,- деди.

Зариф  АКШнын Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүүлөрү жана алардын аймагын ар кандай шылтоолор менен басып алгандыгын эскертип, көптөгөн бейкүнөө адамдардын канын суудай төгүп жаткандыгына басым жасады.

Мисалы, АКШнын 2003-жылдагы Иракты басып алуусунун уюштуруучуларынын бири, ителги сыпаты менен таанылган Болтондун Трампты Иранга карай аскердик кол салууга үгүттөгөнүн ашкереледи. Трамп болсо жакын арада Болтон жөнүндө берген маалыматында “ Эң сонун иш аткарууда, бирок Жакынкы Чыгыш темасы боюнча тез-тез түшүнүшө албай жатабыз”,- деген.

Зариф, Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Болтон, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху, Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заидти “ Б тобу” деп атаган.

Трамп Иран менен диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды

Өзүнүн тактикалык жактан да, психологиялык жактан да Иран менен согуша албастыгына көзү жеткен Америка акыры диалог жүргүзүүнү сунуш кылууда. Алгач ар кандай шарттарды койгон Трамптын администрациясы кийинки кезде эч кандай шарты жок деле сүйлөшүүгө даяр экендигин билдире баштады.

Ал эми Ирандын улуттук коопсуздук министри Махмуд Алеви АКШ президенти Дональд Трамп ядролук келишимден бир тараптуу чыгып кеткендиги аз келгенсип, Иран менен диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн да колдон чыгарып жаткандыгы тууралуу билдирүүсүн ISNA агенттиги жазды.

Алевинин айтуусунда Ак үйдүн башчысы Иран менен ядролук келишим тууралуу документти жокко чыгарып гана чектелип калбастан, ар кандай террордук мүнөздөгү экономикалык санкцияларды биринин артынан экинчисин киргизүүдө. Бул АКШнын Тегеран менен диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн толук жоготту.

Ал эми Ирандын президенти  Хасан Рухани мындан мурда эгер Иранга каршы санкциялар толук жокко чыгарылганда гана сүйлөшүүлөргө баруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирген.

Бирок Иран АКШнын бул кадамын айыптап, БУУнун Эл аралык сотуна кайрылган. Себеби Американын бир тараптуу санкция киргизүүсү эки өлкө ортосунда 1955-жылы кол коюлган “Достук, экономикалык мамилелер жана консулдук укуктар тууралуу” макулдашууну бузуп жатат.

Белгилей кетүүчү жагдай, АКШ 2018-жылы 5-ноябрда Тегеранга каршы санкциянын экинчи пакетин жарыялаган. Ага ылайык, энергетика, деңиз кемелери жана каржы тармагынын ишмердүүлүгүнө чектөөлөр салынган.

Бул санкциялар айрыкча Ирандын Улуттук мунай компаниясынын эл аралык ишмердүүлүгүнө тыюу салып, чет элдик каржы уюмдарынын Ирандын Борбордук жана башка банктары менен операция жүргүзүүгө тыюу салат.

Санкциялар мындан тышкары ирандык порттордун, деңиздеги жүк ташууларынын ишмердүүлүгүнө да тыюу салат.

Комментарий жиберүү