Ирандын Руханий лидери майрамга карата бир канча камактагыларды бошотулуусуна макулдук берди

ruРусский

Ыйык Курман айт жана Гадир Хум майрамына карата Азирети Аятолла Хаменеи 1070 камактагылардын мөөнөтүн кыскартууга жана айрымдарын эркиндикке чыгарууга уруксат берди.

“Fars News” агенттигинин Руханий лидердин кеңсесине шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Азирети Аятолла Хаменеи Ыйык Курман айты менен Гадир Хум (шиттердин) майрамына карата 1070 камактагыларды кечирүү боюнча Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн казылык органы  менен өкмөттүн кабылдоосуна макулдук берди.

Белгилей кетсек, өлкөнүн сот башчысы Реиси Курман айт жана Гадир Хум майрамдарына карата Руханий лидерге кат аркылуу кайрылуу менен иш кагаздары Амнистия комиссиясында каралып жаткан 1070 камактагылардын жазаларын жеңилдетүү же алмаштыруу боюнча сунуш берген.

Бул сунуш Ирандын баш мыйзамынын 11- беренесинин негизинде өлкөнүн Руханий лидеринин макулдугу аркылуу жүзөгө ашырылмакчы.

Комментарий жиберүү