“Борбордук стратегия–2019” машыгуусу 7 өлкөнүн катышуусунда өтөт

ruРусский

“Борбордук стратегия – 2019”  биргелешкен машыгуусуна Өзбекстан, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай жана Пакистандын аскердик күчтөрү катышат.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги маалымдады.

Машыгуулар 16-21-сентябрь күндөрү өтөт. Аталган өлкөлөрдүн аскердик бөлүктөрү Борбор Азиядагы эл аралык терроризмге каршы күрөш менен байланышкан маселелерди биргелешип чечүүнүн негизинде машыгышат. Машыгуулардын биринчи баскычында Өзбекстан менен Тажикстандын куралдуу күчтөрү пландалган жана биргелешкен уюштуруулардын негизинде “аскердик жана саясий окутуу шарттарында” өз өлкөлөрүнүн түштүк чек арасында машыгышат.

Экинчи этапта Өзбекстан менен Тажикстан аскердик биргелешкен аракеттерин Орусиянын Оренбург облусундагы Донгуз атышуу майданында ишке ашырышат.

Маалыматка караганда, машыгууларга жалпысынан 128 миң аскердин катышуусу күтүлүүдө жана 20 миңден ашык аскердик куралдар жана жабдуулар, 600гө жакын учуучу аппараттар жана 15тей согуштук кемелер колдонулат. Машыгуунун негизги бөлүгү Орусиянын Тоцкий, Донгуз, Аданак, Чебаркульский, Юргинский, Алейский, Ашулук жана Сафакулево аймактарында өтөт.

Комментарий жиберүү