Кувейттик серепчи: Саддам Хусейн сионисттердин жалданмасы болгон

ruРусский

Кувейттик аналитик Саддам аркылуу басып алынган өлкөсүнүн жылдыгына карата “Саддам сионисттердин жалданмасы болгон” ,- деп жазды.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, кувейттик саясий серепчи Абдулмухсен Мухаммад аль-Хусайни Ирактын өлтүрүлгөн диктатору Саддам Хусейндин “сионисттердин агенти” – деген бир карикатурасына баяндама берген. Абдулмухсен Мухаммад аль-Хусайни “аль-Aнба” гезитине жарыялаган “Кувейтке чабуул жасаган Саддам” аталган  макаласында мындай деген: “Саддам Хусейн сионисттердин бир жалданмасы болгондуктан Ислам жана араб үммөтүнө каршы чабуул жасаганы ачык-айкын”.

Белгилей кетсек, 1990-жылдын 2-августунда Саддам аркылуу басып алынган Кувейттин жылдыгына карата кувейттик серепчи мындай деп макала жазган: Саддам Хусейн Ирактын ахли сүннөт жана шиит аалымдарын жок кылган соң,  бардык ирактык авторитеттерди өлтүрдү. Ошентип Иракты кыйраткандан кийин “Кудс менен Палестинаны бошотуу” деген жихаддык урааны менен атайын армия  түздү. Бирок аскерлери Кудс  менен Палестинаны бошотууга Израилге каршы бир да кадам жасабастан, анын ордуна Иран менен  мусулмандарга кол салды.

Абдулмухсен мындай деп кошумчалады: Бул согуш сегиз жылга созулду. Ошентип, Иран менен согушта жеңишке жете албастан, Акбар Рафсанжаниге (Иран президенти) кат жазып, Мекке менен Мединаны бошотууда кол кабыш кылуусун сунуштаган. Кийин кувейттик шейхтерди да сүргүнгө айдады… Албетте ирандыктар анын сунушуна алданышпады, анан кантип сегиз жыл согушкан адамга ишенсе болот?! Акыры өз аскерлерин Ирандан Иракка кайттырып, Кувейт тарапка жөнөттү. Саддам ал убакта “Кувейтти четтиктерден бошотом”- деген шылтоо менен өлкөбүздү басып алды. Кээ бир араб өлкөлөрү анын калп сөзүнө ишенишип, колдоо көрсөтүштү. Бир тараптан Алжирдин Махфуз Нахнах жетектеген Ихван аль-Муслимийн тобу, Тунистеги Рашид Ганнуши жетектеген топ жана Мисирдин Ихван аль-Муслиминдери Американын Кувейтти бошотууга келген аскерлерине каршы чыгуу шылтоосу менен Саддамды колдоп митинг уюштурушту. Ошондой эле Иордания менен Палестинанын айрым шаарларында дагы Кудстун бошотуучусу катары Саддамдын сүрөттөрү көтөрүлүп, колдоо митингдери өткөрүлгөн. Булар Саддамдын калпына алданышкан акылсыздар эле.

Абдулмухсен макаласынын аягында мындай деп жазган: “Саддам Ислам элине эч жакшылык кылган жок! Атүгүл Ирак элине да жакшылыгы жеткен жок. Ал Кудс жана Палестинанын боштондугуна бир кадам жасабастан, кайра мусулмандарга каршы согушту. Эгер тарыхты жакшылап карап чыксак, Саддамдын жасагандарынын баары сионисттердин “Ислам үммөтү менен араб өлкөлөрүнүн биримдиктерин ыжыратуу” программаларын  жүзөгө ашыруу үчүн болгонун түшүнөбүз. Албетте  араб коомчулугунун айрым лидерлери Саддамдын сүрөтүн дагы деле митингдерде көтөрүп, аны “Үммөттүн лидери жана Кудстун куткаруучусу” аташат. Бирок анын отуз  жыл башкаруусунда Кудсту бошотууга бир да кадам жасабаганына күбө болдук.

Кувейттик серепчи айрым Саддамдын фанаттарына кайрылып “Акылсыздыкты токтоткула! Саддам мусулмандар менен арабдарга каршы согушуусу менен Израилдин жалданмасы экенин эчак эле далилдеген!”, – деп жазды.

Эске салсак, Саддам 1990-жылдын, 2-августунда Кувейтке чабуул жасап, 2 күндүн ичинде басып алып, лейтенант Ала Хусейндин жетекчилигинде өкмөт түзүп, 2 аптадан соң, (9-августта) Кувейтти Иракка кошкон. Кувейтти басып алуу 7 ай созулган жана 1991-жылы 26-февралда “Перс булуңунун экинчи согушу” аталган операциясында бошотулган.

Комментарий жиберүү