Путин: Сириядагы террорчулардын дүйнөнүн башка аймактарына өтүп жатканына тынчсызданып жатам

ruРусский

Орусиянын президенти дүйшөмбү күнү Франциянын президенти менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйында Сириядагы террористтердин башка аймактарга өтүп жатканына тынчсызданып жатканын билдирип, “Орусия Сирия армиясынын Идлиб облусундагы террорчуларды жок кылуу аракеттерин колдойт”, – деди.

Irna агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин абалына тынчсызданууда.
Владимир Путин Орусия эл аралык коопсуздук боюнча тынчсызданып жатканын айтып, “Орусия өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин абалына жана космос мейкиндигинде курал-жарактардын жайгаштырылып жатканына тынчсызданып жатат. Биз бул маселе боюнча француз тарап менен сүйлөшүп, алардын бул тууралуу позициясынан кабардар болууну көздөп турабыз”, – деп баса белгиледи.

“Америка кыска жана орто аралыктагы өзөктүк ракеталарга тыюу салган келишимден чыгып кеткенден кийин, Орусия дүйнөнүн аймактарына Американыкына окшош ракеталар жайгаштырылмайынча мындай типтеги ракеталарды жайгаштырбоого бир тараптуу милдеттеме алды”, – деди.

Архангельск шаарында радиоактивдүү нурлануу коркунучу жок.
Орусиянын президенди журналисттердин Архангельсктеги аскердик майдандагы жардыруу окуясы жана радиоактивдүү нурлануу көбөйүп жатканы боюнча берген суроолоруна төмөнкүчө жооп берди:
–  Архангельск облусунда радиоактивдүү нурлануу коркунучу жок. Ал жерде эч кандай коркунуч жок жана радиоактивдүү нурлануу көбөйүп жатканы катталган эмес. Көз карандысыз эксперттер анын ичинде атайын адистер ал жерге барышып кырдаалды көзөмөлдөп жатышат жана кандай болбосун мен эксперттердин отчетторун алып турам.

Белгилей кетсек, 17-августта Орусиянын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Архангельск облусундагы аскердик майданда кемеде жардыруу болуп, анын натыйжасында Росатом компаниясынын беш кызматкери каза тапкан жана дагы үч киши жарадар болушкан.

Москвадагы башаламандыктар шайлоо менен байланыштуу.
“Орусиядагы митингдер жана башаламандыктар шайлоо менен байланышкан. Орусиянын жарандары тынч шайлоо өткөрүү укугуна ээ жана өкмөт мыйзамды бузбастан тынч шайлоонун өтүшүн камсыз кылууга тийиш. Абалдан пайдаланып кагылышууларды уюштурууга эч кимдин укугу жок жана бул тармакта мыйзам бузгандар жазаланат”, – деп Францияда митингге чыккан сары кемселчендерди мисал келтирип, анда бир нече адам каза таап, бир канчасы жаракат алганын жана көптөгөн адамдар камакка алынганын айтып өттү.

Орусия Ливиядагы тараптарды элдештирүүдө Франция менен кызматташууга даяр.
Владимир Путин Ливиядагы кагылышкан тараптарды элдештирүү маселеси боюнча Франция менен бирге аракет кылууга даяр экенин билдирди:
–  Ливиядагы кагылышкан тараптарды элдештирүүгө аракет кылуубуз керек жана биз бул маселе боюнча биргелешип иш алып баруу максатында Франциянын көз карашын билгибиз келет.

Комментарий жиберүү