Израиль өкмөт башчыларынын жаңы келишпестиктери.

Нетаньяхунун максатына каршы Либерман менен Ганц  добуштарын кошууга макулдашышты.  Бул тууралуу Mehr News агенттиги  “Иерусалим пост” маалыматына шилтеме берип кабарлады.

НДИ (Биздин Үй Израиль) партиясынын лидери Авигдор Либерман өзүнүн Твиттер баракачасында сентябрда өтө турган Кнессет шайлоолорунда көк-ак партиясынын лидери Бени Ганц менен добуштарды чогултууга макулдашканын жарыялаган.

“Нетаньяху менен Ликуд ХАМАС менен макулдашууга кол коюшат, бирок мен үчүн Кнессетте өтө турган шайлоолорго Ганц менен добуштарды кошуу артыгыраак”,-деп жазган  Либерман.

НДИ лидеринин мындай чечимин Израилдин премьер-министри Нетаньяху айыптады.

Белгилей кетсек, Либермандын мындай кадамы Нетаньяху үчүн кезектеги катуу соккуга айланды.

Комментарий жиберүү