Йеменде холера илдети 773 кишинин өмүрүн алды

ruРусский

Йеменде быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында холера илдети 773 кишинин өмүрүн алып кеткенин Эл аралык уюмдардын кечээ, 21-августта жарыялаган баяндамасында айтылды. Бул туурасында “IRNANews” агенттиги жазды. Араб маалымат каражаттары кабарлагандай, БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Йеменде 536 мин адам холера илдетине чалдыкканын маалымдады. Өткөн июль айында холера илдетине чалдыккандардын саны 460 мин деп жарыяланса, 2018-жылы 380 мин деп жарыяланган. Аталган уюмдардын баяндамасына караганда, 2019-жылдын алгачкы айларында Йемендин  шаарларынын 95%да диарея оорусу күч алган. Йемендеги беш жашка чейинки балдар холера оорусуна чалдыккандардын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк балдарды сактоо уюму дагы холера оорусунун жайылышына Йемендеги гигиена шарттарынын алсыздыгы себепчи болуп жатканын билдирген. Ошондой эле бул өлкөдө Саламаттык сактоо борборлорунун жарымы гана иштейт, калгандары жабылып калган. Сауд Аравия жетектеген эл аралык коалициянын Йеменге каршы чабуулдарды баштагандаган бери өлкөдөгү ичүүчү суу менен камсыздоо объекттеринин көбү талкаланган, натыйжада болжол менен 9 миллион 200 мин бала таза суу менен камсыз кылынбайт. Мындан тышкары, күйүүчү майга жетүүнү чектөө таштандыларды чогултуу ишин кыйынчылкка кептеген, анын кесепетинен улам Йемен боюнча коркунучтуу оорулары анын ичинде холера эпидемиясы жайылууда.

Комментарий жиберүү