Ыңкылабдын лидери: Душман эчнерсе кылаалбайт, келерки 40 жыл мынданда жакшы болот!

Ирандын Руханий лидери Аятолла Хаменеи өлкөнүн экономикалык, саясий жана аскердик мүмкүнчүлүктөрү жогорулап жатканын белгиледи.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Руханий лидери Аятолла Хаменеи 21-августта өлкөнүн президенти жана өкмөттүк кабинеттин мүчөлөрү менен жолугушуп, “Америка, Европа, жада калса мурдагы Советтер союзу дагы Иран Ислам Республикасына залака келтирүүгө колунан келген бардык нерселерин жасашты, бирок бары бир эч натыйжага жетишкен жок. Душмандар азыр дагы эч нерсе кыла алышпайт, келерки 40 жыл мындан да жакшы болот!”, – деп билдирди.

Азирети Хаменеинин айтымында, экономикалык чөйрөдө эң маанилүүсү чийки мунай экспорту көз карандылыгынан кутулуп, анын ордуна мунай өндүрүштөрүнө күч жумшоо керек. Өлкө атайын адистер менен илимпоздордун тажыйырбаларынан пайдаланып, бир эле күйүүчү май, газ жана газойл өндүрүү эмес, башка дагы мунай баасынан да жогору болгон экпорттук баалуу нерселерди чыгарууга мүмкүнчүлүктөрү жетет.

Ирандын Руханий лидери өз баянында, учурдагы Кашмир маселеси жана андагы мусулмандардын абалын эскертип, мындай деди: “Биз Индия менен жакшы алакаларга ээбиз, бирок Делиден бул аймактын мусулмандары кордолбой жашай тургандай, Кашмирдин тектүү тургундарына карата адилеттүү саясатын жүргүзүүсүн күтөбүз”.

Аятолла Хаменеи Кашмир маселеси боюнча Пакистан менен Индиянын келишпестиктерине Британиянын Индия жарым аралынан кетип жатып, калтырып кеткен “ыплас саясатын” күнөөлөп, “Англиялыктар Кашмир маселеси сакталуусу үчүн бул аймакка атайылап жаракат калтырып кетишкен!”, – деп баса белгиледи.

Комментарий жиберүү