БУУ: Индия Кашмирдин элин жазалоону токтотушу керек

БУУнун адам укуктары боюнча беш эксперти бейшемби күнү билдирүү жасашып Индия өкмөтүнөн өлкөнүн көзөмөлү астындагы Кашмирдин элин жазалоону токтотууларын талап кылышты.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.

Эксперттер билдирүүдө Кашмир аймагында интернет жана байланыш линияларынын үзүлгөнү тууралуу мындай дешти:
–  Кашмирде интернет жана байланыш түйүндөрүнүн Индия өкмөтү тарабынан үзүлүшү – аймактагы жамааттык элге болгон жазанын бир түр болуп эсептелет жана бул аракет эл аралык ченемдерге каршы келет.

Ошондой эле эксперттер Кашмир аймагында коменданттык саат орнотулганына тынчсызданып жатышканын билдиришти.
Индия өкмөтү 5-августта өлкөнүн көзөмөлү астындагы Кашмир аймагынын өзгөчө статусун жокко чыгарган. Андан кийин Кашмир элинин нааразычылык акцияларынын алдын алуу үчүн аймактагы мектеп, жогорку окуу жайлардын баарын жаап, интернет жана байланыш түйүндөрүн токтотуп коюшкан.

Индия Кашмирдин атайын ыйгарым укуктарын жокко чыгаруу менен аймактагы шарттарды кыйла оорлоштурду. Индиялыктардын бул аймакка баруулары, аймакта сатуу жана сатып алуулардын баардыгы Индия өкмөтү тарабынан камсыздала тургандай кылып коюшту. Ал эми Кашмирликтер Индиянын мындай акыркы аракеттерин Индиянын өзүнө каршы өзү согуш жарыялоосу деп билишерин айтышты.

Пакистан өкмөтү Кашмирликтерге каршы душмандык аракеттерге каршы экендиктерин билдиришип, Исламабаддагы Индиянын элчисин өлкөдөн чыгарышты жана бул өлкө менен соода-сатык алакалырын токтотушту.
Кашмирдин бир бөлүгү Индиянын жеринде, бир бөлүгү Пакистандын жеринде жайгашкан. Бирок, эки өлкө тең Кашмирге толугу менен эгедербиз деп айтып келишет.

Комментарий жиберүү