Эмне үчүн Трамп Иранга чабуул жасоодон баштартты? Сауд Аравия менен сионисттер жетекчилеринин коркунучу

Америкалык бир агенттик дипломатиялык булактарга шилтеме берип, Америка өз учагынын Иран аркылуу атып түшүрүлүүсүнө байланыштуу Иранга чабуул жасоо чечимин кабыл алып, кийин баш тартуусунун себептерин жарыялады.

“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, “Al-Manitor” маалымат порталы Дональд Трамп Перс булуңунун тегерегиндеги өлкөлөрдүн Ак Үйгө жиберген каттарынан соң,  Ирандын үч аймагына чабуул жасоо чечиминен кайтканын жазды. Дипломатиялык булактар Перс булуңундагы Жогорку маалыматтар жетекчилери, тагыраак айтканда Эмират менен Аравиянын маалыматтар жетекчилери тез арада Вашингтондон Иранга чабуул жасоо планын токтотуусун суранышкан. Бул агенттиктин айтымында аталган өлкөлөр эгер Америка Иранга чабуул жасаса, Иран өз каарын Перс булуңунун өлкөлөрүнө каратаарына ыктымал беришкен. Перс булуңунун өлкөлөрү Американын Иранга каршы “кичине” чабуулуна өтө кымбат баада төлөп калуудан кооптонушкан. Ошондой эле сионисттик режиминин жетекчилери дагы Ак Үйгө кат жазышканын жана ушуга байланыштуу Трамп өз чечимин өзгөрткөнү айтылууда.

Белгилей кетсек, америкалык учкучсуз учактын Иран Ислам Ынкылабынын сакчылары аркылуу атып түшүрүлгөнүнөн соң,  Дональд Трамп өзүнүн Твиттер баракчасында Ирандын 3 аймагына чабуул жасай турганын жарыялаган. Бирок бул чабуул 150 ирандыктын өлүмүнө себеп болоорун аныкталган соң, бул чечимден баш тартышкан.

Трамп Твиттерде мындай деп жазган: “Алар дүйшөмбүдө Эл аралык дарыялардын үстүндө учуп бара жаткан бир учкучсуз учакты атып түшүрүштү. Өткөн түнү өч алууга үч аймакка чабуул жасоого даярданып жатып, канча адам өлөт?-деп сурадым. Бир генерал 150 адам деп жооп бергенинен чабуулга 10 мүнөт калганда аны токтоттум. Анткени бир учкучсуз учак үчүн 150 адамдын курман кылууну туура көрбөдүм”.

Буга чейин түрдүү булактар, алардын ичинде Американын мурдагы Коргоо министри Леон Паннех Трамптын Иранга чабуул жасоо чечиминен баш тартуусу боюнча түрдүү баяндамаларды берген. Ал өткөн айда Германиянын “Шпигель” гезитине берген маегинде мындай деген: “Бул маселе алгач кеп кеңешүүлөрдөн соң аткарылат. Эгер бул маселелер талкууланбастан, президент чабуулдун курманчылыктарын билип туруп, 10 мүнөт калганда баш тартса, бул нерсе Ак Үйдүн чечиминдеги  коркунучтуу кемчиликтер бар экение айгинелейт”.

Эске салсак, Ислам Ынкылабынын Сакчылар корпусу Ирандын аба мейкиндигин бузган “Глобал Хак” маркасындагы америкалык учкучсуз учагын атып түшүргөн. Аскердик маселелердин адистери “Глобал Хак” чалгынчы учагынын  сыпаттарын (өтө бийикте учуу) айтуу менен Вашингтон мындан ары  Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала эске алууларын белгилеген.

Комментарий жиберүү