Аль-Арабия аль-жадид: Ирандын Америкага багынуусу мүмкүн эмес

Аль-Арабия аль-жадид: Ирандын Америкага багынуусу мүмкүн эмес

Аль-Арабия аль-жадид сайты Американын дарыялык коалициясы Ирандын туруштук берүүсүн күчөтөөрүн белгиледи. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Аль-Арабия аль-жадид сайты “Иран Америкага багынып берүүсү мүмкүн эмес”,-деген макала жарыялап, Ирандын байыркы доорлордон бери келаткан цивлизациясы жана ички бекем фронту Американын коркутууларына туруштук берээрин белгиледи. Макаланын автору Мухаммад Аяш өз жазуусунда дүйнө күндө өзгөрүп жатканын, бирок АКШ башка өлкөлөргө өз үстөмдүгүн бекемдөөгө дагы деле аракет жасап, эбак эле эскиргенин“коркутуу” саясатын колдонуп жатканын баяндаган. “Иран кечээ эле асмандан түшүп пайда…

Прочитайте больше

Чыгыш даанышманы Ибн Сина жана анын эмгектери

Чыгыш даанышманы Ибн Сина жана анын эмгектери

Ислам дүйнөсүнөн чыккан залкар инсандардын бири Ибн Сина философия жана медицина илимдеринде жасаган ачылыштарынан улам Чыгышта «шейх», «раис» делсе, Батышта «Дарыгерлердин падышасы» деген наамга ээ болгон. Ибн Сина 980-жылы 16-августта төрөлгөн. Ибн Сина медицина илимине бала чагынан эле кызыга баштаган. Ал 12 жашка толо электе эле ошол доордун белгилүү дарыгери Абу Салах ал-Масихи деген даанышман,  философтон таалим ала баштаган. Ибн Синанын өмүр баяны (биографиясы) жазылган китептердин биринде “Андан соң мен медицина илиминдеги дарылоо бөлүмүнө кызыгып,…

Прочитайте больше

Түрк армиясынын 5 генералы отставкага кетти

Түрк армиясынын 5 генералы отставкага кетти

Түркиянын “Cumhuriyet” басылмасы түрк армиясынын жогорку даражалуу 5 генералы, анын ичинде Сириянын Идлиб провинциясындагы түрк аскер күчтөрүнүн эки командири отставкага кеткенин кабарлады. Бул туурасында “FarsNews” агенттиги “Reuters” агенттигине шилтеме берип жазды. Маалыматка караганда, генералдар ушул айдын башында өткөрүлгөн Жогорку аскердик кеңештин жыйынынан кийин отставкага кетирилген. Жогорку аскердик кеңештин жыйыны (YAS) 1-августта Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын төралыгы астында өткөрүлгөн. Анда кээ бир генералдарды отставкага кетирүү жана жаңы аскер башчыларын дайындоо маселеси  талкууланган. “Cumhuriyet” басылмасы билдиргендей, отставкага кеткен…

Прочитайте больше

Аль-Фатх: Сионисттер режиминин Хашад аш-Шаъби уюмуна кол салуусу коркунучтуу кадам

Аль-Фатх: Сионисттер режиминин Хашад аш-Шаъби уюмуна кол салуусу коркунучтуу кадам

Ирактын аль-Фатх коалициясы сионисттер режимине эскертүү берди. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирактын аль-Фатх коалициясы сионисттик учкучсуз учактын Сирия чегарасындагы Хашад аш-Шаъбинин аскерлерине чабуул жасоосун айыптады. Аль-Фатх Хашад аш-Шаъбинин жетекчилерин террорчулук коркунучтуу кадам экенин билдирди. Ал сөзүнүн уландысында Иракта америкалык аскерлердин жайгашуусуна зарылдык жок экенин белгилеп, Вашингтон өкмөтүнөн тез арада өз күчтөрүн өлкөдөн чыгарып кетүүсүн талап кылды. Эске салсак, аль-Анбар провинциясындагы Хашад аш-Шаъби аскерлер бирдиги 25-августта сионисттер режиминин учкучсуз учагы кол салганын жарыялаган. Берилген маалыматтарга караштуу,…

Прочитайте больше

Трамп «Чоң жети» уюмунда Орусия боюнча пикир келишпестиктер бар экенин ырастады

Трамп «Чоң жети» уюмунда Орусия боюнча пикир келишпестиктер бар экенин ырастады

АКШнын президенти Дональд Трамп «Чоң жетиге» (G7) мүчө өлкөлөрдүн арасында уюмдун кийинки жылы Нью-Йоркто өтө турган саммитине Орусияны чакыруу тууралуу пикир келишпестиктер бар экенин ырастады. «Айрымдары мени менен макул, башкалары макул эмес. Орусиянын кийинки саммитке чакырылышы «позитивдүү» жана «пайдалуу» кадам болот. Бирок бул маселе боюнча талкуунун жыйынтыгында эч кандай чечим кабыл алынган жок», — деп билдирди Трамп Франциянын Биарриц шаарында өткөн «Чоң жети» саммити тууралуу айтып жатып. Ал буга чейин уюмдун 2020-жылкы саммитине Орусиянын чакырылышы…

Прочитайте больше