Аль-Арабия аль-жадид: Ирандын Америкага багынуусу мүмкүн эмес

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Аль-Арабия аль-жадид сайты “Иран Америкага багынып берүүсү мүмкүн эмес”,-деген макала жарыялап, Ирандын байыркы доорлордон бери келаткан цивлизациясы жана ички бекем фронту Американын коркутууларына туруштук берээрин белгиледи.
Макаланын автору Мухаммад Аяш өз жазуусунда дүйнө күндө өзгөрүп жатканын, бирок АКШ башка өлкөлөргө өз үстөмдүгүн бекемдөөгө дагы деле аракет жасап, эбак эле эскиргенин“коркутуу” саясатын колдонуп жатканын баяндаган.

“Иран кечээ эле асмандан түшүп пайда болгон өлкө эмес, анын тамырлары кылымдар мурда жаралган цивилизацияга байланыштуу. Ал эми Америка миллиондогон жергиликтүү индеецтерди кырып, жерлерине ээлик кылгандын эсебинен пайда болгон өлкө экени баарына белгилүү”-деп жазды автор.

Ал мындай деп кошумчалаган: Ирандын Америка үстөмдүгүнө каршы туруштук берүүсү ички фронттун бекемдигинде камтылат. Албетте, Вашингтон бул ыплас (ичинене бузуу) саясатын дайыма колдонот. Ал эми Иран бул маселеде айрыкча абалды ээлейт жана аны учурдагы дискуссияларда эске албай коюга мүмкүн эмес.

Бул сайт мындай жазат: Вашингтон өзүнүн фрегаттарын, флотторун Перс булуңунун дарыяларына жиберип, өз шериктештерин жардамга чакырып, 60 өлкөгө кайрылып, мунай экспорту менен кеме коопсуздугун сактоо шылтоосу менен дарыялык коалицияга кошулуусун талап кылганы –  Американын Иранга карата алсыздыгын айгинелейт. Болбосо согуш кемелерин дарыяга чыгаруу бир гана ашыкча чыгым алып келип, мунай экспорттоп, импорттогон өлкөлөргө кысым келтирүү менен киреше балансын гана бузмакчы. Трамп Иран коркунучтарына олуттуу карап, бир чети экинчи мөөнөткө калууну көздөөдө, андыктан өзүнүн саясий чечимдерине кылдат болуусу зарыл.

Комментарий жиберүү