Дүйнөдөгү эң күчтүү ооруну басаңдатуучу дары Иранда жасалды

Ирандык фармацевт, Медициналык система уюмунун жана Хамадан фармацевттер бирикмесинин мүчөсү доктор Кейван Разаги эрмен-шыбак дары чөбүнүн ширесинен ооруну басаңдатуучу күчтүү мазь жасашканын маалымдады.

Анын айтымында, бул мазь көптөгөн ооруларды басандатууда таасири күчтүү, ал тургай операция учурунда да колдонулуп, пайдалуу болууда. Доктор Кейван Разагинин билдирүүсү боюнча, “Афсантин” дарысы дүйнөдөгү эң күчтүү ооруну басаңдатуучу мазь жана морфинден да күчтүү.

Кейван Разаги бул мазь Хамаданда өстүрүлгөн ооруну басаңдатуучу күчтүү таасирге ээ дары чөптөрдөн жасалганын билдирди.  “Афсантин” дарысынын 100% курамы дары чөптөрдөн турат жана жаңы илимий ыкмалар менен жасалып, мазь түрүндө колдонулуп, өзүнүн жогорку таасирин көрсөттү.  Доктор Кейван Разаги бул мазды бир күндө бир жолу колдонуу менен анын таасири 24 саатка чейин сакталарын белгиледи.

Комментарий жиберүү