Путин Рухани жана Эрдоган менен жолугушарын тастыктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү  үчүн сентябрдын орто ченинде Анкарада Ирандын президенти Хасан Рухани жана Түркиянын президенти   Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушарын кечээ, 27-августта тастыктады.

Бул туурасында “FarsNews” агенттиги жазды. “ИТАР-ТАСС” агенттигинин маалыматын караганда, “Орусия, Түркия жана Иран менен Астана процессинин отурумун өткөрүү үчүн сентябрдын орто ченинде Анкарага барам”, – деп билдирди Путин. Буга чейин Сирия кризисин талкуулоо үчүн Астана процессинин кепилдери Түркия, Орусия жана Ирандын лидерлеринин саммити 16-сентябрда Түркияда өткөрүлөрүн маалымат булактары жазышкан.

Белгилей кетсек, Астана сүйлөшүү форматы Орусия, Түркия жана Иран тараптан сунушталган. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 2017-жылдын январында Астана шаарында өткөрүлгөн. Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты – Сириядагы жарандык чыр-чатакты жөнгө салуу болгон. Иран, Орусия жана Түркия бүгүнкү күнгө чейин Сирия кризиси боюнча ар кандай отурумдарды өткөрдү.

Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн бир айлампасы Орусиянын Сочи шаарында да өткөрүлгөн. Бул сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп, ага Ирак жана Ливандын өкүлдөрү байкоочу катары катышкан. Астана сүйлөшүүлөрү Женевадагы Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдөн айырмаланып, өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөттү. Анткени баарынан да биринчи сүйлөшүү үстөлүнө баардык кызыктар тараптарды алып келүү мүмкүн болду.

Комментарий жиберүү