Американын Перс булуңундагы деңиз коалициясы 3 гана өлкөнүн колдоосу менен өз ишин баштады

Американын Перс булуңундагы деңиз коалициясы  Ормуз кысыгындагы соода кемелеринин коопсуздугун камсыздоо шылтоосу менен бул аймакты  көзөмөлгө алуу ишин баштады.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Middle East маалымат порталы Американынын Перс булуңундагы коалициясы Англия, Бахрейн, Австралия өлкөлөрүнүн гана катышууларында түзүлгөнүн кабарлаган.

Белгилей кетсек, Американын Коргоо министри Mark Asper Пентагондо чогулушкан кабарчылардын алдында билдирүү жасап, Америка жана анын бирикмелери бул аймакта “Иран аркылуу жасалган аракеттердин” алдын алуу максатында иш алпараарын белгилеген.

Ал ошондой эле өз өлкөсү “Дипломатиялык алакаларды” аркалап, Тегеран менен болгон дипломатиялык мамилелер өз жолунан чыгып кетпесин деген максатта бул деңиздик коалицияны түзгөнүн кошумчалаган.

Эске салсак, Вашингтон Ирандын аба мейкиндигин бузган америкалык учкучсуз учагынын ирандыктар аркылуу атып түшүрүлгөн окуясынын эртеси күнү бир деңиз коалиция түзөөрүн жарыялаган.

Американын бул коалицияга кошулууга 60тай өлкөлөрдү чакырганы менен бир гана Англия, Бахрейн жана Австарлия өлкөлөрү кошулууга макул болушкан. Германия Американын бул сунушун бир канча аптадан соң, түздөн-түз кайрылуу менен четке каккан.

Комментарий жиберүү