Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү. Түркия Индиянын бир канча аймагында болгон сел апаатынан 110дон ашуун кишинин каза табышына байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады. Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Индиядагы сел апаатынан каза тапкандар үчүн көңүл айтылып: «Индиянын Уттар-Прадеш облусу менен катар бир канча аймагында болгон сел апаатында 110дон ашуун кишинин каза болушу катуу капа салды. Индия эли жана өкмөтү менен апааттан каза тапкандардын жакындарына чын дилден көңүл айтабыз»,-деген сөздөргө орун берилди.
Прочитайте большеMonth: September 2019
Ооганстанда шайлоо күнү да кол салуулар токтогон жок
Ички иштер министри Месут Андераби, басма сөзгө берген маалыматында Талибандын шайлоолорго бөгөт коюу аракеттеринин ийгиликсиз болгонун айтты. Ооганстанда кечээ президенттик шайлоо убагында өлкөнүн жалпысында катталган 68 кол салууда 4 коопсуздук кызматкери каза тапты. Ички иштер министри Месут Андераби, басма сөзгө берген маалыматында Талибандын шайлоолорго бөгөт коюу аракеттеринин ийгиликсиз болгонун айтты. Талибандын жалпы өлкөдөгү 68 кол салуусунан 4 коопсуздук кызматкери каза тапканын айткан Андераби, 3 коопсуздук кызматкери менен 72 кишинин жаракат алганын белгиледи. Андераби, кол саулулардын…
Прочитайте большеБен Салман атасынын жан сакчысын өлтүрдү
Сауд Арабиянын падышасынын кезектеги үй-бүлөлүк жаңылыктары Твиттер баракчасында жарыяланды. IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Саудия падышасы Салман бен Абдульазиздин жан сакчысы Абдулазиз аль-Фаъам падышанын мураскери Мухаммад бен Салман аркылуу уюштурулган террордук уюм аркылуу өлтүрүлгөнү жарыяланды. Берилген маалыматтарга караштуу, падышанын жан сакчысы Жедда шаарында жайгашкан падышалык Ак сарайда өлтүрүлгөн. Бул маалыматты жарыялаган кабарчы падышанын жан сакчысы Аалу Сауд үй-бүлөсүнө ишенимдүү кызмат кылганын, бирок анын уулу бен Салман ага ишенбегенин жана тез арада жок кылууну көздөп жүргөнүн кошумчалаган. Эске…
Прочитайте большеАль-Акса интифадасында 119 миң палестиналык кармалган
Палестинанын туткундарды изилдөө борбору сионисттик режим 2000-жылдан бери интифадага (Палестинаны бошотуу кыймылы) катышкан 119 миң палестиналыкты камакка алышканын ачыктады. Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, аталган борбордун билдирүүсүнө караганда, сионисттик режимдин күчтөрү аль-Аксаны бошотуу кыймылына катышкандардан 2070 палестиналык кыз-келиндерди, 16490 жашы жете элек балдарды жана 67 палестиналык өкүлдөрдү камакка алышканы белгилүү болду. Буга кошумча Израиль соту 29821ден ашуун палестиналыкты камакка алышкан. Берилген маалыматтарга караштуу, туткунга алынган палестиналыктарга сионисттик режимдин күчтөрү аркылуу зордук-зомбулук көрсөтүлүп келет.
Прочитайте большеКытай: Америка өкмөтүнүн саясаты дүйнөлүк тартипке коркунуч келтирүүдө
Кытайдын тышкы иштер министри БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында сүйлөгөн сөзүндө Америка өкмөтүнүн саясаты дүйнөлүк тартипке коркунуч келтирип жатканын эскертти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Кытайдын ТИМ жетекчиси Ван И Америка өкмөтүнүн саясатын сынга алып, мындай кадамдар дүйнөлүк тартипке коркунуч жана дүйнөлүк рецессияга алып келет деди. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жетимиш төртүнчү жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, “Биз коргонуу саясатынын ар кандай соккон шамалдарын көргөнбүз жана болуп жаткан окуяларга эч качан унчукпай кала бербейбиз. Бир тараптуу коргонуу…
Прочитайте большеИмран Хан: Израилди эч убакта расмий түрдө тааныбайм
Пакистандын премьер-минстри БУУнун Башкы Ассамблеясында Израиль боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Mehr агенттиги Middle East маалыматына шилтеме берип маалымдады.Пакистандын премьер-министри Имран Хан БУУнун Башкы Ассамблеясынын отурумунун алкагында маек берди. “Биз эч убакта Израилди расмий түрдө тааныбайбыз. Исламабаддын Израиль боюнча абалы эч өзгөргөн жок. Айрым Батыш ЖМКаларынын бул боюнча тараткан маалыматтары туура эмес”,-деди Имран Хан. Ал өз өлкөсүнүн Израиль боюнча абалы белгилүү экенин жана Палестина маселеси чечилмейинче бул өлкөнү расмий түрдө тааныбастыгын баса белгиледи. Пакистандын премьер-министри Пакистан Ислам…
Прочитайте большеЙемен Сауд Аравиясынын ок атышууну токтотуу сунушун четке какты
Йемен Саудиянын ок атышууну токтотуу сунушун четке кагып, кол салууларды толуу менен токтотууга чакырды. Бул тууралуу «Sputnik News» агенттиги маалымдады.Йемен өкмөтүнүн маалымат булактары Йемендин Улуттук куткаруу өкмөтү Сауд Аравиясынын өлкөнүн бир нече аймагында ок атууну токтотуу боюнча сунушун четке какканын билдирди. Улуттук куткаруу өкмөтү Йеменге болгон кол салуулардын толугу менен токтотулушун талап кылды. Буга чейин, Wall Street Journal жарыялаган маалыматта, Сауд Аравиясы Йемендин айрым аймактарында ок атышууну токтотууга макулдугун бергени кабарланган. Ок атууну токтотуу төрт аймакта, анын…
Прочитайте большеАКШнын куралдуу күчтөрүнүн арасында өз жанын кыйгандардын саны эң жогорку чекке жетти
Американын куралдуу күчтөрүнүн арасында 2001-жылдан бери өз өмүрүн өзү кыйгандардын саны 2018-жылы эң жогорку чегине жеткени АКШнын коргоо министрлигинин жаңы баяндамасында айтылды. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. АКШнын коргоо министрлигинин жаңы баяндамасына караганда, 2018-жылы Америка армиясында өз жанын кыйган аскерлердин саны 541ге жеткен. Ошондой эле 2013-жылдан баштап 2018-жылга чейин ар бир 100 миң аскердин арасында өз өмүрүн кыйгандардын саны 18,5 учурдан 24,8 учурга жеткен. Мындан тышкары, бул баяндамада Америка армиясындагы аскерлердин үй-бүлөсүндө дагы өз өмүрүн өзү…
Прочитайте большеИран ашканасы: тоок котлети
Тоок эти “универсалдуу” эт азыгы болуп саналат. Seeiran/ir агенттигинин маалыматына ылайык, тоок эти кызыл эттин ордун толуктоочу ылайыктуу диеталык эт азыгына кирет. Ар бир 120 грамм тоок эти организмдин 70% протеинин камсыздайт жана анын майсыз жана эттүү бөлүгү төшү экени белгилүү. Тоок этинен көп түрдүү тамактарды жасаса болот. Ал эми Иран ашпозчулары тоок этине көбүнчө шафран татымын кошуу менен даамдуураак жасашат. Төмөндө назарыңыздарга Иран ашканасындагы тоок этинен даярдалган дагы бир тамакты даярдоо ыкмасын сунуштайбыз: Тоок котлети…
Прочитайте большеКыргыз-казак чек арасында атышуу болду
Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар-автоунаажолу” көзөмөл-өткөрмө пунктунда ок атышуу коштогон окуя катталды. Анда белгиленгендей бүгүн саат 03:00дө чек ара кызматынын кызматкерлери абага ок чыгарышкан. Азырынча болжолдуу маалыматтарга караганда, УКМКнын кызматкерлери аталган пункттун кызматкерин кармоо үчүн ыкчам иш аракеттерди жүргүзүшкөн. Ал эми жергиликтүү тургундар буга каршылык көрсөтүшкөн. Мындан улам УКМКнын кызматкерлери менен жарандардын ортосунда кагылышуу болгон. Окуя кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынганын Бишкек ШИИБи тастыктады. УКМКнын маалыматы боюнча, 28-сентябрда бул мекеме тарабынан жүргүзүлгөн мыйзамсыз чек…
Прочитайте большеТашкентте ШКУнун экономика министрлеринин жыйыны өттү
Өзбекстандын борбор калаасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин экономика министрлеринин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги маалымдады.Жыйынга Индиянын соода жана өнөр-жай министри Пиюш Пракаш Гоял, Казакстандын улуттук экономика министри Руслан Даленов, Кытайдын соода министринин орун басары Ван Шо Вэнь, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Султан Ахматов, Пакистандын Өзбекстандагы элчиси Ирфан Юсуф Шами, Орусиянын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Тимур Максимов, Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Гүлру Жаббарзаде жана Өзбекстандын инвестиция жана…
Прочитайте большеБүгүн дүйнөдө Эл аралык туризм күнү белгиленүүдө
Аталган майрам дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде 30 жылдан ашуун убакыттан бери белгиленип келет. Салттуу түрдө бул майрамда салтанаттуу иш-чаралар жана фестивалдар өтөт. Бул майрам Кыргызстанда дагы белгиленип, анда туристтик компаниялар тарыбынан өлкөбүздүн кооз аймактарына атайын турлар уюштурулат. Майрам жыл сайын 27-сентябрда белгиленет. Максаты – туризмди жайылтуу, өлкөнүн экономикасына салым кошуп жаткан туризм багытын даңазалоо. Өлкөлөр аралык байланышты, достукту өнүктүрүү. Белгилей кетсек, 1979-жылы Испаниянын Торремолино шаарында Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдардын Башкы ассамблеясында 27-сентябрь туризм күнү деп бекитилген….
Прочитайте большеЖак Ширак дүйнө салды
Франциянын экс-президенти көз жумду. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Франциянын экс-президенти 1932-жылы Парижде туулуп, кечээ, 26-сентябрда дүйнө салды. Ал 1995-жылдан 2007-жылга чейин Францияны башкарып келген жана Ирак согушунун белгилүү сынчысы болгон. Ширак 1974-жылы убактагы премьер-министр Жорж Помпидунун көзү өткөн соң, анын ордуна дайындалган. Ширак 1976-жылы президент Валерия Гискардштейн менен болгон келишпестиктерден улам премьер-министрликтен четтетилип, “республикачылар” партиясын түзүп, партиянын башкы катчысы болуп белгиленген. Ширак акыры 1995-жылы Франциянын президенти болуп шайланган жана 2007-жылы президенттиктен, саясаттан биротоло кеткен.
Прочитайте большеДастин Порье аукциондо Хабибдин футболкасын сатты
UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы убактылуу чемпиону Дастин Порье Ebay аукционунда өзүнүн спорттук чолок шымын, кол кабын жана Хабиб Нурмагомедовдун футболкасын сатты. Бул тууралуу MMAJunkie басылмасы билдиргенин Чемпионат жазып чыкты. Аукциондо анын кийимдери 60 миң долларга сатылган. Түшкөн каражаттар Порьенин кайрымдуулук фондуна которулат. Америкалык мушкер ар бир беттештен кийин спорттук кийимдерин сатып, кайрымдуулук иштерге жумшайт. Эскерте кетсек, Абу-Даби шаарындагы UFC 242 турниринде Нурмагомедов менен Порье беттешкен. Таймаштын соңунда эки мушкер футболкалары менен алмашышкан. Хахиб Нурмагомедов…
Прочитайте большеИндияда катуу жааган жамгырдан 22 киши каза болду
Жетекчилерге селден жабыркагандар үчүн тамак – аш, таза суу, дары жана башка керектүү матераилдарды камдоо жолдомосу берилди. Индиянын түрдүү шаарларында катуу жааган жамгырда каза болгондордун саны 22ге жетти. Индия массалык маалымат каражаттарында орун алган кабарларга караганда катуу жааган жамгыр жол ачкан сел жана түрдүү кырсыктардан улам Махараштра провинциясында жетекчилер Махараштранын Пуне жана Жалгаон аймактарында 11 кишинин да жоголгондугун белгилешти. Пунеде сел сууларында аккан 200гө жакын унаанын зыян тарткандыгын билдирген жетекчилер 150 үйдүн да катуу жааган…
Прочитайте больше