Борис Жонсондун мусулмандар тууралуу макаласынан кийин Британиядагы мусулмандарды куугунтуктоо 375%га өстү

Борис Жонсондун мусулмандар тууралуу макаласынан кийин Британиядагы мусулмандарды куугунтуктоо 375%га өстү

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун мусулмандарды кордогон макаласынан кийин бул өлкөдө исламофобиялык мүнөздөгү окуялар 375%га көбөйгөнүн мусулмандардын “Tell MAMA” укук коргоо уюмунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы көрсөттү. Бул туурасында “FarsNews” агенттиги кабарлады. Буга чейин Британиянын маалымат каражаттары Борис Жонсондун мындан бир нече жыл мурда мусулмандарды кемсинткен макаласы чыкканын маалымдашкан. Анда Жонсон никаб кийген мусулман аялдарды почта ящигине жана көчөдөгү тоноочуларга окшоштурган. Британиядагы исламофобияга каршы күрөшкөн “Tell MAMA” уюму билдиргендей, Жонсондун бул макаласынан кийин Британияда 2018-жылы мусулмандарды жек көрүүчүлүк көбөйгөн. Расисттик…

Прочитайте больше

Куранды орус тилине которгон Валерия Порохова көз жумду

Куранды орус тилине которгон Валерия Порохова көз жумду

Куранды орус тилине которгон белгилүү котормочу Иман Валерия Порохова Орусиянын Москва шаарында 2-сентябрда көз жумду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жарыялашты. 79 жаштагы котормочу 1975-жылы сириялык жаранга турмушка чыккан жана алты жылдан кийин Москвадан Дамаскка көчүп кеткен. Порохова ислам динине өтүп, кошумча Иман деген ысым алган. Ал Куранды 1991-жылы толук которуп бүткөн. Анын котормосундагы Куран көп нускада 12 ирет басылып чыккан. Анын сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-сентябрда Москванын Тынчтык проспектисиндеги мечитте түшкү намаздан кийин…

Прочитайте больше

Кабулдагы акыркы жардыруудан каза тапкандардын саны өстү

Кабулдагы акыркы жардыруудан каза тапкандардын саны өстү

Ооганстандын ички иштер министрлиги Кабул шаарында 2-сентябрда болгон жардыруудан каза болгондордун саны 16га жетип, 119 киши жаракат алганын маалымдады. Бул туурасында “MehrNews” агенттиги жазды. Ооганстандын ички иштер министрлиги жардыруудан жаракат алгандардын саны 100дөн 119га көбөйгөнүн билдирди. Ооган ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Нусрат Рахиминин айтымында, 2-сентябрдагы жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча  саат 21:50лөр чамасында шаардагы эл аралык уюмдар жайгашкан Грин Виллаж районунда болгон. Жардыруу мина коюлган унаа менен ишке ашырылган. Кол салуу жоопкерчилигин Талибан террордук уюму өзүнө алды.

Прочитайте больше

Шираз университети боорду трансплантация кылуу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат

Шираз университети боорду трансплантация кылуу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат

Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды дарылоо жана органдарды трансплантациялоо борборунун директору Шираз университети боорду трансплантация жасоо боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат деп билдирди. Бул тууралуу “IRIBNews” агенттиги жазды. Доктор Мехди Шаднуштун айтымында, азыркы учурга чейин Шираз университетинде  эле 5 миң боор алмаштыруу операциясы жасалган. Ал Шираз университети жылына 700 боор алмаштыруу операциясын жасап, дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда турарын айтып, бул жаатта жылына 400 боор алмаштыруу операциясын ишке ашырган Американын бир университети экинчи орунда турарын белгиледи. Мехди…

Прочитайте больше