Атайын уюмдар Франциянын курал сатуусуна каршы чыгышты

Адам укуктарын коргоочу 17 уюм Францияны Арабстан менен БАЭге курал сатуусун токтотуусун талап кылды.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Адам укуктарын коргоочу өкмөттүк эмес 17 уюм 5-сентябрда билдирүү жасап, Арабстандын Йемендеги акыркы жыняттарын айыптады.

Белгилей кетсек, Арабстан коалициясы Зумар провинциясындагы бир камак жайын бомбалап, 150дөн ашуун адамды курман кылган.

Берилген маалыматтарга караштуу, Арабстан жетектеген коалиция Йемен согушунда Франциянын курал-жарактарын колдонушууда.

Эл аралык уюмдар жана адам укуктарын коргоочу мекемелер буга чейин бир канча ирет Франция, Америка, Германия, Британия жана коалицияны колдогон башка өлкөлөрдү Арабстан менен БАЭге курал-жарактарды сатууларын токтотуусун талап кылган.
Арабстан коалициясы бул өлкөлөрдөн сатып алган курал-жарактарды Йемендин кордолгон элине каршы колдонушууда.
Эске салсак, Арабстан Американын, БАЭ жана башка өлкөлөрдүн кодлдоосу менен 2015-жылы Йеменге каршы аскердик кол салуу баштап, бул өлкөнү жер, аба жана дарыя аркылуу курчоого алган. Андан бери өлкөдө 10 миңдеген адамдар курман болушуп, миллиондон ашыгы качкынга айланышкан. Арабстан дагы деле Йеменге азык-түлүк жана дары –дармектердин жетүүсүнө тоскоолдук жаратууда.

Комментарий жиберүү