Кытайда жер көчкү болду

Жер көчкүдө тогуз киши каза болду.

Кытайдын түштүк батышында болгон жер көчкүдө тогуз киши каза болду.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда өлкөнүн түштүк батышындагы Юннан аймагына караштуу Катонг шаарында кечээ эрте менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчкү болду.

Жер көчкүдөн кийин кабар алына албаган тогуз киши үчүн изилдөө – куткаруу башталды. Түнкү сааттарга чейин жүргүзүлгөн изилдөө – куткаруу иштеринен кийин тогуз кишинин сөөгү табылды. Жер көчкүдөн таасирленген жыйырма жети киши коопсуз жерлерге эвакуацияланды.

Комментарий жиберүү