Башар Асад жалпы мунапыс берди.

Сириянын президенти жайы буйругунда камактагылардын көбүнө мунапыс берди.
Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Башар Асад түрмөдөгүлөрдүн мөөнөтүн кыскартуу буйругун берген.
Белгилей кетсек, Сирия президентинин жаңы өкүмү боюнча өмүр бою эркинен ажыратылгандар 20 жылга алмаштырылган.
Ошондой эле жашы 75 жаштан жогору айыкпас оорулардан жабыркагандар кечирилген.
Албетте террорчулар бул мунапыс берүүнүн эсебине киришкен эмес.
Сирия президентинин жалпы мунапыс берүү чечиминде Сирия армиясынан бөлүнүп кеткен жана үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин кайра катарга киргендер да каралышкан.
Эске салсак, Сирия өкмөтү өлкөдө согуш башталгандан бери 3952 камактагыны бошоткон.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү