Путин: Өзөктүк келишим али күчүндө жана жокко чыгарууга болбойт

Путин: Өзөктүк келишим али күчүндө жана жокко чыгарууга болбойт

Орусиянын президенти ирандык жана түркиялык кесиптештери менен жолугушкандан кийин, “Өзөктүк келишим али күчүндө жана бул келишим алмаштырылгыс”, – деп билдирди. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин Хасан Рухани жана Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушкандан кийин өзөктүк келишим боюнча билдирүү жасады. “Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү иш-чаралардын планы Америка андан чыгып кеткенине карабастан али күчүндө жана анын орду алмаштырылгыс”, – деди. Ошондой эле Орусия президенти Анкарада өткөн үч тараптуу жыйын алкагында Иран президенти…

Прочитайте больше

БУУ:Мьянмада калган рохинжа-мусулмандары «геноцид» болуу коркунучу алдында турат

БУУ:Мьянмада калган рохинжа-мусулмандары «геноцид» болуу коркунучу алдында турат

БУУнун инспектору Мьянмада жашап жаткан 600 миңден ашуун рохинжа-мусулмандары «геноцид»  болуу коркунучу алдында турат деп эскертти. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Инспектордун айтымында, Мьянма армиясынын зордук-зомбулугунан улам аргасыз жер которуп кеткен миллиондогон рохинжа-мусулмандарын өз үйлөрүнө кайтаруу “мүмкүн эмес”. “France 24” каналы маалымдагандай, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Мьянма армиясынын 2017-жылдагы рохинжа-мусулмандарына каршы жасаган кылмыштарын иликтөө үчүн атайын комитет түзгөн. Ал комитет Мьянма армиясынын кылмыштарын “геноцид” деп атап, Мьянманын башкы генералдарын мыйзам чегинде жазалоого чакырган. Amnesty International…

Прочитайте больше

Рухани менен Эрдоган жолугушту

Рухани менен Эрдоган жолугушту

Орусия, Иран жана Түркия лидерлеринин үч тараптуу отурумуна катышуу үчүн Анкарага барган Ирандын президенти  Хасан Рухани Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Эрдоган ирандык кесиптешин Чанкая сарайынан расмий  түрдө тосуп алды. Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу жабык эшик артында өттү жана кабарчыларга сүрөткө гана тартууга уруксат берилди. Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык комиссия жакынкы күндөрү өтөт деп күтүлүүдө. Хасан Руханини Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф, энергетика министри…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк рынокто мунай баасы 3 эсе көтөрүлүшү мүмкүн

Дүйнөлүк рынокто мунай баасы 3 эсе көтөрүлүшү мүмкүн

Йемендиктердин Арабстан мунай өндүрүшүнө жасаган соккусунан улам мунай баасы 3 эсе жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Fars агенттиги RT маалыматына шилтеме берип билдирди.Белгилей кетсек, өткөн күндөрү Йемендин коргонуучу күчтөрү Арабстандын аль-Бакыйк аймагындагы мунай өндүрүүчү жайларына чабуул коюшкан. Йемендиктер 10дой учкучсуз учак менен дүйнөдөгү эң ири жана Арабстан мунайынын жүрөгү болгон мунай өндүрүшүнө сокку жасашкан. Берилген маалыматтарга караштуу, бул чабуулдун кесепетинен Арабстандын 10 млн. беррель мунайынын жарымы зыян тарткан.Аль-Бакыйк мунай базасы  соккудан кийин бир канча убакыт жабылган соң, кайрадан…

Прочитайте больше

Израилдин баскынчы күчтөрүнүн ок атууларынан 46 палестиналык жарадар болду

Израилдин баскынчы күчтөрүнүн ок атууларынан 46 палестиналык жарадар болду

Кудста сионист режиминин күчтөрү менен Палестина жарандарынын ортосундагы кагылышууларда ондогон палестиналыктар жарадар болушту. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.Палестинанын маалымат каражаттары Израиль күчтөрүнүн басылып алынган Кудстун чыгыш тарабындагы Аль-Азария шаарына жасаган кол салуусунан 46 палестиналык жарадар болгонун маалымдашты. Палестинаны “Кызыл жарым ай” коому берген маалыматка караганда, Палестинанын жарандары Израиль аскерлери тарабынан атылган октордон жарадар болушкан жана жаш агызуучу газга тумчугушкан. Белгилей кетсек, сионист режиминин күчтөрү ишемби күнү түштөн кийин Аль-Азария шаарын курчоого алышкан жана  өткөрүү пункттарын түзүп, текшерүүгө…

Прочитайте больше

Президент кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

Президент кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

 Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн  Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жана КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арада түзүлгөн абал боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Мамлекет башчысы Баткен облусундагы чек ара участогунда чыр-чатак пайда болгондон баштап, толук ыкчам маалымат алып турганын баса белгиледи. Кеңешменин катышуучулары Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришти. Ок атуучу куралды биринчи болуп тажик…

Прочитайте больше

Нигерияда аза күткөндөрдүн 12си курман болду

Нигерияда аза күткөндөрдүн 12си курман болду

Ашуура күнү аза күтүү жөрөлгөлөрүнө катышышкан нигериялыктардын 12си өкмөттүк күчтөрдүн колунан курман болушту. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Нигерия өкмөтүнүн күчтөрү 10-сентябрда Кадона шаарында өтүп жаткан шииттердин аза күтүү жөрөлгөлөрүнө кол салышкан. Берилген маалыматтарга караштуу, өкмөттүк күчтөр аза күтүүгө чогулган мусулмандарга жаш агызуучу газ чыгарышкан. Күбөлөрдүн айтымында, өкмөттүк күчтөр аза күтүүгө баруучулардын жолун да торошуп, тоскоолдук жаратышкан. Эске салсак, мындан 4 жыл мурда “Ашуура” күнүндө аза күтүү жөрөлгөсүн өткөрүп жатышкан шияларга кол салышып, бир канчаларын курман кылуу…

Прочитайте больше

Арабстан падышасынын кызын 10 айга камоо чечими чыкты

Арабстан падышасынын кызын 10 айга камоо чечими чыкты

Франциянын соту Арабстан падышасынын кызын коркутуу кылмышына катышкандыгы үчүн 10 айга камакка отургузуу чечимин кабыл алды. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Франция соту 12-сентябрда Арабстан падышасынын кызы Хасса бинт Салманды 10 айга камакка отургузуу өкүмүн чыгарды.Рейтердин маалыматына ылайык, Франция соту падыша Салмандын кызына  мындай өкүмдү анын “бир кызматчыны уурдоодо” курал колдонгонду үчүн чыгарган. Белгилей кестек, мындан мурда ушул эле сот сот Хасса бинт Салманды 5 миң евро айып пул төлөп, 8 айга камоо ишин караштырып жаткан эле….

Прочитайте больше

Нетаньяхунун Батыш жээктерин кеңейтүү чечимине Европанын беш өлкөлөрү тынчсызданууда

Нетаньяхунун Батыш жээктерин кеңейтүү чечимине Европанын беш өлкөлөрү тынчсызданууда

Европа өлкөлөрү Израиль премьер-министринин Батыш жээктерди басып алган жерлерине кошуу чечимине жооп кайтарышты. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Франция, Германия, Италия, Испания жана Англия биргелешкен билдирүүлөрүндө Нетаньяхунун Иордания Батыш жээктерин кошуу боюнча чечимин айыпташты. “Нетаньяхунун Батыш жээктерди кошуп алууга болгон чечимине тынчсызданабыз, бул кадам эл аралык мыйзамдарды бузуучу коркунучтуу кадам”,-деп билдиришкен европалык жетекчилер. Белгилей кетсек, бул баянда тараптарды эки өлкөнүн тирешүүлөрүн күчөтүүчү ар кандай чечимдерден алыс болууларына чакырык жасалган. Эске салсак, сионисттердин премьер-министри 11-сентябрда билдирүү жасап, парламенттик…

Прочитайте больше