Арабстан падышасынын кызын 10 айга камоо чечими чыкты

Франциянын соту Арабстан падышасынын кызын коркутуу кылмышына катышкандыгы үчүн 10 айга камакка отургузуу чечимин кабыл алды.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Франция соту 12-сентябрда Арабстан падышасынын кызы Хасса бинт Салманды 10 айга камакка отургузуу өкүмүн чыгарды.
Рейтердин маалыматына ылайык, Франция соту падыша Салмандын кызына  мындай өкүмдү анын “бир кызматчыны уурдоодо” курал колдонгонду үчүн чыгарган.

Белгилей кестек, мындан мурда ушул эле сот сот Хасса бинт Салманды 5 миң евро айып пул төлөп, 8 айга камоо ишин караштырып жаткан эле.

Падыша Салмандын кызы 2016-жылы Парижде кийим сатып алып жаткан жеринен байкатпай сүрөткө тартып кеткен Ашраф Эйд аттуу дизайнерди токмоктоону өзүнүн жансакчысына буйрук берген.

Бул дизайнердин франциялык жарандыгы болгондуктан, падышанын кызынын үстүнөн арызданып, аны сотко берген. Анын айтымында, ал айыпсыз ур-токмокко алынган жана бир канча саат үйдө камалган жана  падышанын кызынан кечирим сурап, бутуп өпкөнгө мажбурланган.

Ашраф Эйддин арызынан соң, сот Хасса бинт Салманды сотко чакыртып, 2 сааттык текшерүүдөн кийин аны бошотуп жиберген.
Кийинчерээк ал Франциядан чыгып кеткендиктен, айыпталуучунун катышуусу жок эле  сот өкүмү чыгарылган.

Комментарий жиберүү